Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды
- 3 года мурун
Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Аны менен бирге ал Орусиядагы элчилик кызматын дагы айкалыштырып алып кетмекчи. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 4-октябрда кол койду.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп үстүбүздөгү жылдын 22-февралында дайындалган.
Муну бөлүшүү