Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

30-сентябрда жарандык активист Улан Үсөйүн “Фейсбук” баракчасында Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директорлугуна Нуржан Иманкулованын дайындалышын сынга алган билдирүү калтырган. Анда ал Иманкулованын Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин жубайы экенин белгилеп, бир жерде окутуучу болуп иштегенден башка тажрыйбасы болбогонун жазган.


ПолитКлиника медиасы бул маалыматтын аныктыгын билүү максатында Нуржан Иманкулованын резюмесинде көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерип көрдү.

Иманкулованын директор болуп дайындалышы

Нуржан Иманкулова ушул жылдын 11-майында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин буйругу менен Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору болуп дайындалган.

16-майда аталган китепкананын сайтында мекемеге жаңы жетекчи дайындалганы жөнүндө кабар чыккан. Анда жаңы дайындалган жетекчинин кыскача өмүр таржымалы жана жетишкендиктери жазылган. Ага ылайык, Иманкулова Нуржан Ракимовна 1969-жылы туулган. 1993-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан (АГУПКР) бизнес башкаруу багыты боюнча магистр даражасын алган. Ошондой эле маалыматта Иманкулованын 2018-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаганы жазылган, бирок кайсы багытта билим алганы көрсөтүлгөн эмес.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Ал эми иш тажрыйбасына келе турган болсок, китепкананын сайтына чыккан маалыматка ылайык, Иманкулова 2017-жылдан 2021-жылга чейин КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында окутуучу, 2015-жылдан 2020-жылга чейин “Саякбай манасчы” эл аралык коомдук фондунун китепканасында директор болуп эмгектенген. Иманкулованын Улуттук китепканага директор болуп дайындалганга чейин академияда бакалавриаттын студенттерине сабак берип келгенин кесиптештери тастыкташты.

Жолдошунун жетекчилигиндеги фонддун китепканасында директор болуп иштеген

Маалыматта Иманкулованын экинчи иш орду катары көрсөтүлгөн “Саякбай манасчы” фондун Иманкулованын жолдошу, депутат Саматбек Ибраев жетектейт.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Биз аталган фонддун алдында чындап эле китепкана болуп-болбогондугун билүү максатында фонддун электрондук дарегине кат жөнөтүп, эч кандай жооп ала алган жокпуз. Ал эми фонддун социалдык тармактардагы баракчаларында 2018-жылдын сентябрь айынан бери жаңыланган публикация болгон эмес.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Фонддун расмий сайтына кирүүгө дагы мүмкүн болгон жок.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Маданият тармагына кандай салым кошкон?

Мындан тышкары Улуттук китепкананын сайтына чыккан жаңылыкта Нуржан Иманкулованын маданият тармагында эбегейсиз тажрыйбага жана укмуштуудай уюштуруучулук жөндөмгө ээ экендиги жазылган. Ага улай Иманкулова продюсерлик кылган көркөм тасмалардын тизмеси берилген. Тизмеде “Саякбай”, “Уламыштар”, “Сулайман Тоо”, “Баатыр”, “Үркүн”, “Бүкүр” тасмалары бар.

Бирок “Саякбай” жана “Уламыштар” тасмасынын интернеттеги афишасында продюсер катары Иманкулованын жолдошу Саматбек Ибраев көрсөтүлгөн.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

КиноПоиск платформасында “Сулайман Тоо” тасмасынын продюсери катары бир канча адам көрсөтүлгөн, бирок алардын арасынан Нуржан Иманкулованын ысымын кездештирген жокпуз.

“Сулайман Тоо” тасмасынын продюсерлери — Елена Яцура, Виктор Кузнецов, Андрей Девяткин; сопродюсерлери — Садык Шер-Нияз, Самат Сабраев, Георгий Солдатов, Екатерина Лукомская, Николай Кузьмин, Мария Якубова, Радка Бардес, Юлия Ким — фон ден Дрейш жана продюсердин жардамчылары — Полина Шлихт, Сайна Оторбаева.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Этномедиа онлайн кинотеатрындагы афишада “Баатыр” кинотасмасынын продюсери катары режиссер Тилек Чериков, “Үркүн” тасмасынын продюсери катары Мухтар Атаналиев көрсөтүлгөн. Ал эми “Бүкүр” тасмасы тууралуу ачык булактардан маалымат таба алган жокпуз.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Булардан тышкары маалыматта Нуржан Иманкулованын “Кадам” автордук телепрограммасын жетектегени жана “Саякбай”, “Сагынбай”, “Айкөл Манас”, “Тыныбек” ж.б. китептерди басып чыгаруу менен алектенгени жазылган.

Бирок интернет мейкиндигинен “Кадам” телепрограммасы тууралуу эч кандай маалымат таба алган жокпуз. Ал эми “Саякбай” жана “Сагынбай” аталышындагы китептерден журналист, публицист, ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиевдин “Саякбай (Гений жөнүндө баллада)” жана “Сагынбай (Кеменгер жөнүндө ода)” китептерин гана табууга болот.

“Айкөл Манас” аталышында Бүбү Мариямдын авторлугунда жазылган 10 томдук бар. Андагы идея, мазмун окумуштуулардын нааразычылыгын жаратып, бир топ талаш-тартышка жол ачкан. 2016-жылы Жумгал райондук соту “Айкөл Манасты” экстремисттик маанайдагы китеп деп тапкан.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Ал эми “Тыныбек” китеби тууралуу ачык булактардан эч кандай маалымат таба алган жокпуз.

Резюмеде көрсөтүлбөгөн иш орду

Улуттук китепкананын сайтына чыккан маалыматта көрсөтүлбөгөнү менен китепкананын директору чет өлкөгө саякат уюштуруу, турларды сатуу менен дагы алектенет. Тактап айтканда, Нуржан Иманкулова 2019-жылы Юстиция министрлигинде жоопкерчилиги чектелген коом катары каттоодон өткөн “С-Трэвел” компаниясынын директору.

Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесиндеги манипуляция

Биз Улуттук китепкананын директорлугуна Нуржан Иманкулованын талапкерлигин ким сунуштаганын жана кайсы критерийлердин негизинде анын талапкерлиги тандалып алынганын билүү үчүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге кайрылганбыз. Бирок министрликтен азырынча эч кандай жооп келе элек.

Жыйынтык: Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулованын резюмесинде көрсөтүлгөн маалыматтар жарым-жартылай чын. Ал 2017-2021-жылдары КР Президентине караштуу башкаруу академиясында окутуучу болуп эмгектенген. Ал эми экинчи иш орду катары көрсөтүлгөн китепканада иштегенин же иштебегенин тактоого мүмкүн болгон жок. Мындан тышкары Иманкулова продюсерлик кылган деп көрсөтүлгөн көркөм тасмалардын биринде дагы анын аты кездешкен эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты