Айрым жерлерде кар жаады. Үшүк жүрүшү күтүлөт

  • 3 года мурун

Бүгүн, 2-октябрда, Кыргызстандын айрым жерлеринде алгачкы кар жаады.

Социалдык тармактарлагы маалыматтарга караганда, 2-октябрда Ысык-Көл облусунда, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас облусунда ж.б. жерлерде кар жаады.

Кыргызгидромет маалымат бергендей, 3-5-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

2-4-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө 5…10°;

Талас өрөөнүндө 4…9°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°;

Ысык-Көл ойдуңунда;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт.

Сүрөт: Таластагы кар. Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты