​Аба-ырайы: Жаан, үшүк жүрүшү күтүлөт

  • 3 года мурун

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 1-4-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

2-3 — октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт, абанын күндүзгү температурасы төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө 5…10°;

Талас өрөөнүндө 4…9°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°;

Ысык-Көл ойдуңунда;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт.

3-5-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты