Садыр Жапаров БУУ жыйынынын ачылышына катышат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 76-сессиясынын жалпы дебаттарындагы жогорку деңгээлдеги жумалыктын ачылышына видео байланыш аркылуу катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров Нью-Йоркто башталып жаткан жыйындын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, кайрылуу жасайт.

Президенттин тапшырмасы боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нью-Йорктогу бир катар жыйындарга катышып, БУУнун жетекчилиги менен жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Дүйнө лидерлеринин Нью-Йорктогу жолугушуусуна 100дөн ашуун өлкөнүн башчысы катышат. Алар эл аралык орчундуу маселелерди талкуулашат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты