«Тандырга болгон кызыгуу эч качан токтобойт» (Фоторепортаж)
- 3 года мурун
- Баяндар
Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына быйыл 30 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында өлкө оош-кыйыштуу жана жеңиштүү күндөрдү башынан өткөрүп келе жатат. Бул жылдар ичинде өлкөдөгү карапайым адамдар жана көп этибарга алынбаган кесиптин ээлеринин ойлору, үмүттөрү жана максаттары кандай өзгөрдү? Бул тууралуу “Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы” аттуу фотопроектте айтып беребиз.
Таңга жуук күндүн алгачкы нурлары көрүнө баштаганда Ош шаары жанданып, күнүмдүк турмуш башталат. Башка региондордон айырмаланып, эртең менен Оштун көпчүлүк көчөлөрүндө эшиктерге суу себилип, жамгыр жаап өткөн сыяктуу жыт шаарды аралайт.
Ал убакта тандыр уста Сирожиддин Акрамов да үйүнөн чыгып жумушка жөнөйт.
Устанын үйүнөн жумушуна чейин 4.5 километр болгондуктан, жөө басып баруу кыйын. Ошондуктан ал көбүнчө автобус же такси менен ишине барат.
Ал келген убакта устаканада иш кызуу жүрүп жаткан болот. Сулайман-Тоонун ылдый жагында орун алган устаканада жалпы 7 ден ашык киши иштейт. Көпчүлүгү — Сирожиддин Акрамовдун туугандары.
Алар уста келгиче кургаган тандырларды чыгарып, иш күнүн башташат.
“Тандыр Орто Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана башка өлкөлөрдө да жасалып, нан, самса жана эт бышыруучу тандырларга бөлүнөт. Негизинен, Кыргызстандын түндүгүнө караганда түштүк аймакта тандыр жасоо абдан өнүккөн. Азыркы учурда Ош шаарында эле 30дан ашуун тандыр жасоочу жай бар.”
Сирожиддин Акрамов тандыр жасоону 12 жашында атасынан үйрөнгөн. Беш урпактан бери үй-бүлөсү тандыр жасап келгендиктен, ал да бул тармакка ыктаган. Өзүнүн 1 кыз 4 уулу бар. Баары тандыр жасоо өнөрүн билишсе да, мээнети катуу болгондуктан жолун жолдобогонун айтат.
“Тандыр жасоо — ылай иши. Ошондуктан көбү чыдай бербейт. Мен өзүм 50 жылдан бери бул иш менен алектенген үчүн кыйынчылыктарын билем”
Акрамов көп сөздүү киши эмес. Жумуш учурунда таптакыр сүйлөгөндү жактырбаган сыяктуу, ишине сүңгүп кирип кетет. Ага койбой, эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстан кандай жагына өзгөрдү? Таарыныч менен үмүтүңүз барбы? деген сурообузга кыска жооп берди.
Сирожиддин Акрамов өзбек улутунан. Бирок, өмүр бою Ош шаарында жашап келет. Балдарынын баары Кыргызстанда чоңоюп, оокаттуу болушкан. Тандыр чебери Кыргызстандын келечеги кең экенине ишенээрин, жалгыз арманы кыргыз досторунун азайганы экенин айтат.
«Оштогу окуяларга чейин кыргыз досторум аябай көп болчу. Бирок чагымчылдар эки мусулман туугандарды бири-бирине кайраштырып коюшпадыбы. Азыр деле досторум бар, бирок мурдагыдай болбой калды. Ал эми максатым күчүмүн жетишинче иштей берүү» -, дейт Акрамов.
Ал ортодо Акромов бизге мыкты тандыр кантип жасалаарын да көрсөтүп берди.
Анын айтымында мыкты тандыр жасоо үчүн алгач жакшы топурак болушу керек. Топурак атайын региондордон көбүнчө Кара-Суу айыл аймагындагы «Бирлешкен» айылынан алынат. Бир камаз топурактын баасы 4 миң сомдон жогору болуп 25-30 тандыр жасоого жетет.
Андан кийин, аны суу менен аралаштырып, тебелеп чыгуу керек. Ылайды аралаштыруу жаштардын мойнунда. Анткени ага көп күч сарпталат.
Ылай даяр болгондо жүнгө кошуп тебелеп бир күн коюп коюшат. Усталардын айтымында бул камырды «ачытуу» процессине окшош. Андан соң, даяр болгон ылай ийилип формага салынат.
Усталардын дээрлик баары иш ортосунда намаз окушат. Бул учурда жумуш процеси токтоп турат.
Саат түшкү 13:00дөн өткөндө баары тамактануу үчүн жөнөшөт. Сирожиддин Акрамов баштаган усталар жакынкы ашканага барып Ош шаарындагы салттуу «ашын» жегенди адатка айландырышкан. Тамакка чогулгандардын баары, жакын жерде иштеген наабайлар жана усталар. Чай үстүндө кобурашып отуруп, ар кандай кызыктуу кептерден сөз кылышат.
Ал учурда устаканада Акрамовдун коңшусунун баласы Мустафа ылайды майдалап бөлүштүп турат. Ал усталарга кошулуп, бош убактысында тандырдын жасалуу процесстерине катышат.
Тандыр жасоо атадан балага калган мурас болгону үчүн, усталардын баары шакирттерди жаш кезинен баштап тарбиялаганга аракет кылышат.
Түшкү тамактан кийин, иш кайра жанданат. Даяр болуп формага келтирилген ылай ийилип тандыр калыпка келтириле баштайт.
Тандыр жасоо атадан балага калган мурас болгону үчүн, усталардын баары шакирттерди жаш кезинен баштап тарбиялаганга аракет кылышат.
Түшкү тамактан кийин, иш кайра жанданат. Даяр болуп формага келтирилген ылай ийилип тандыр калыпка келтириле баштайт.
Иш учурунда Сирожиддин Акрамовдун уюлдук телефонуна чалуулар токтобойт. Көпчүлүгү тандыр буйрутма берүүнү каалаган кардарлар. Кээ бирлери устаканага келип өз каалоолоруна жараша тандырларды көрүп, сатып алып кетишет.
Акрамовдордун үй-бүлөсү жана шакирттери жумасына 6дан 10го чейин тандыр сатышат. Бирок кээ бирде таптыкыр соода жок болуп калган учурлар да болот. Негизинен тандырдын көлөмүнө жараша баасы 3000 сомдон 8000 миң сомго чейин жетет.
Тандырлар бир гана Кыргызстандын аймагына сатылбастан, Казакстан Россия жада калса Америкага чейин жөнөтүлүп турат.
Сирожиддин Акрамовдун айтымында, элдердин тандырга болгон кызыгуусу тескерисинче күчөп баратат. 2000 жылдан бери бир техникада жасалган тандырлар, жумшак нандары жана даамдуу самсалары менен калкка кызмат кылууну уланта берээрине ишенет.
Негизинен тандыр чеберлери өздөрүнүн тандырларында жасалган нандарды да билишет. Алишер Новои көчөсүндө жайгашкан наабайканалардын дээрлик баары Сирождин Акромодордун устаканасында жасалган тандырларды колдонушат.
Дээрлик 11 саатка созулган тандыр чеберлеринин иш күнү кечки саат 19:00дөрдө аяктайт.
Узун иш күнүнүн аягында Сирожиддин Акрамов баштаган тандыр усталар үйлөрүнө кетишет.
Усталардын кубанычы ата-бабалардын кесибин таштабай ак эмгек менен нан таап жатышкандыгы.
Автор: Гулиза Урустамбек кызы
Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.
Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.