Кыргызстанда “Манас” театры ачылат

  • 3 года мурун

Жакында Бишкек шаарында улуттук «Манас” театры ачылат.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда министрлик тарабынан театрдын уставы, концепциясы жана штаттык бирдиктери даярдалп жаткандыгы маалымдалды.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан искусствонун кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү максатында “Манас” жана башка кичи эпос, дастандарды жайылтуу үчүн шарттарды түзүү боюнча маданият министрлигине тапшырма берген.

Учурда театрдын ишмердүүлүгү боюнча даярдыктар көрүлүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты