Кыргызстандын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов кызматтан бошотулду

  • 3 года мурун

Мирослав Ниязов Кыргызстандын Афганистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ниязов кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Мирослав Ниязов бул кызматка 2019-жылдын март айында дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты