​Ош облусунда баңгизаттын туруктуу каналы аныкталды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн топту аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

4-сентябрда ыкчам-тергөө тобу тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынан 1 кг баңгизатты сатууну көздөгөн Ю.Б.У. аттуу кыргызстандык жаран кармалды.

Ал УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Баңгизат менен алектенген башка адамдарды аныктоого, ошондой эле транзиттик жана баңги аткезчилигинин башка каналдарына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты