​Уланбек Жуманаев: Ооганстандагы окуядан сабак алышыбыз керек (ВИДЕО)

«ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө Афганистандагы кырдаал жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга, таасири тууралуу сөз кылабыз. Коопсуздук боюнча эл аралык эксперт УЛАНБЕК ЖУМАНАЕВ бүгүн, 17-августта, биздин студияда мейманда болду. Аны менен журналист Айгүл Бакеева маектешти.

— Афганистандагы окуя ар кимдин көңүлүн бурду. Айрыкча, акыркы үч күндө болуп өткөн үрөйдү учурган окуяны эч ким күткөн эмес. Дүйнөдөгү эксперттер, чалгын кызматтары ушундай болуп кетет деп алдын ала айта алган эмес.

Талибандар 20 жылдан бери Американын күчтөрү, НАТО менен, партизандык ыкма менен, жардырып, күрөшүп келишти. Бирок саясий жагынан такшалып келишти деп айтсак болот. Америка Кошмо Штаттары аскер бөлүгүн алып чыгып кеткенден кийинки акыркы эки-үч айда алар аракетин күчөттү.

Албетте, талибандарды жеңип, Афганистанга прогрессивдүү коом курабыз деп эл аралык уюмдар, БУУ 20 жыл ичинде чоң каражат. инвестиция жумшаптыр. Канча жоокердин жаны кыйылды.

Менин көз карашымда Афганистанда абдан өкүнүчтүү окуя болду. Баарыбыз үмүт менен карап келгенбиз. Өзүм Кандагарда, БУУнун гуманитардык миссия тарабында төрт жылдай иштеп келдим. Менде деле Афганистан прогрессивдүү тарапты карай өнүгүп кетет деген чоң үмүт бар болчу. Азыркы окуяга шок болуп жатам.

Афганистандан АКШнын аскердик күчүн алып чыгып кеткени, экинчиси — Афганистан бийлигинин коррупцияга малынып кеткени акыркы окуяларга алып келди.

Талиб деген студент, окуучу дегенди билдирет. Советтер Союзу 1979-жылы Афганистанга кирип келгенден кийин он жыл ичинде миллиондогон афгандыктар Пакистанга качып кеткен. Качкын лагерлеринде жашап, балдар төрөлгөн.

Советтер Союзунун аскерлери Афганистандан чыгарылып кеткенден кийин ал жакта жарандык согуш болгон. Талаа командирлери бири-бири менен согушуп, ал тургай Кабулду 4-5ке бөлүп алышкан.

90-жылдары Афганистанда анархия өкүм сүрүп, эл аябай кыйналган. Ошол убакта коомдо кандайдыр бир күчкө талап болгон. Бирөөлөр тартип орнотушу керек эле. Ошондо талибдер Пакистандан келип, талаа командирлерин жеңип алышкан. Башталышында темирдей тартип орнотушкан. Бирок тартип менен бирге эле аялдарга эшикке чыгууга, баарына музыка угууга тыюу салып, орто кылымдык исламдык шарият эрежелерин орнотушкан. Бирок жыйырма жылда талибдер трансформация болду.

Мурда Афганистан Ислам Республикасы болсо, эми Эмират аталууда. Муфтий болобу, же башчысы ким болот, халифаттын эрежелери аркылуу ишке ашат. Эмират болгондон кийин башчыны тар чөйрө шайлайт, жалпы эл демократиялык принципте шайлай албайт. Бул алдыда көп кыйынчылыктарды жаратат.

Талибан эми өзүн кандай алып кетет, эч ким айта албайт. Жарандык согуш чыгып кетиши да ыктымал.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты