​Кыргыз медиасында этиканы бузуп, көрүмдүүлүктү көбөйтүүнү көздөгөн кабарлар арбын болууда

Жалпыга маалымдоо каражаттарында күнүгө ондогон кылмыш жана кырсык окуялары кабарланып турат. Материалдар журналисттик сын көз менен алгач автордун, анан редактордун элегинен өтүп, эфиргесайтка берилсе да, окурман-көрөрмандын эмоциясын козгоп, көрүмдүүлүктү көбөйтүүнү көздөгөн кабарлар арбын болууда. Кыргыз медиасы каргашаны кантип чагылдырып жатканына Гүлзат Газиева саресеп салды.

Айтылбаган аты эле калды…

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13 жашар кызды көптөп зордуктап жүргөндөрдүн соту жөнүндө ЖМКлардын баары эле маалымат таратты. Анткен менен айрым басылмалар тараткан маалыматтар зордукталган өспүрүмдүн жана анын жакындарынын жараатын кайра козгойт.

Turmush.kg сайты Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, зордуктоо фактыларын ачык сүрөттөп, ийне-жибине чейин жазган. Тагыраагы, тергөөдөгү аныкталган маалыматтарды баштан-аяк эле көчүрүп койгондой. Материалда 2019-2020-жылдары болгон зордуктоонун ар бири ачык, кеңири сүрөттөлгөн.

Мисалы, биринде: «… бактын жанына жерге күч менен жаткырып, ага зомбулук көрсөтөм деп коркуткан. Андан кийин бир колу менен оозун жаап, каршылык көрсөткөн учурда муштуму менен ич тарапка бир жолу уруп жиберип, кийип жүргөн шымын күч менен тизесине чейин чечкен. Андан кийин аны зордуктаган…»,- деп берилген.

Кабарчы бул материалында «зыян келтирбе» деген принципти эске алган эмес. Зордуктоону деталдуу сүрөттөө — жабыр тарткан өспүрүмдү жана анын жакындарын моралдык-психикалык жактан басынтат. Өспүрүм каргашалуу окуялар кайрадан кайталанып жаткандай жагымсыз абалга келет. Ал эми зордуктоого туш болгон башка адамдар мындай сүрөттөөнү окуганда эски жарааты сыйрылат.

Материалда көптөп зордукталган өспүрүмдүн аты-жөнү гана аталган эмес, бирок анын ким экенин таануу кыйынга турбайт. Кабарчы материалында «… Кара-Шаар айылында 2005-жылы туулган тургунду зордуктоо фактысы боюнча тергөө органдары үч айылдашты кармашкан…»,- деп жазган.

Бул чакан айылда 2005-жылы төрөлгөн кыздар саналуу эле. Басылма жабыр тарткан өспүрүмдүн иденттик белгилерин ачыктабай, кайра аны коомдун ачуу сөзүнөн коргошу керек эле. Зордукталган кыз каргашаны унутууга, азаптан айыгууга акылуу.

Бириккен улуттар уюмунун Балдар укуктары жөнүндө конвенциянын 19-беренесинде «бардык бала физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүүдөн жана ырайымсыз мамиледен корголууга укуктуу» деп айтылат. Журналист окуяны этикалык жана жоопкерчиликтүү чагылдырууга милдеттүү.

Балдар темасын чагылдырууда журналист ЮНИСЕФ уюму даярдаган колдонмону жетекке алышы керек.

Мыкаачылыкты ачык сүрөттөө – таш боордук

Март айында Алматы шаарындагы 19 жаштагы Аяжан Едилованын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн кыргыз медиалары да кабарлашты. Бүткүл Кыргызстанга тараган Коомдук телерадиокомпания (КТРК) өз сайтында шаардык полициянын жана кыздын агасынын сөзүн цитата келтирип, мыкаачылыкты деталдуу сүрөттөп жазды :

«Ал кылмыштын изин жашыруу үчүн кызды жиликтеген. Денесинин айрым бөлүктөрүн Алатау районунун сыртына алып чыгып, таштанды челектерине катып коюуга үлгүргөн», — деди шаардык полиция департаментинин башчысынын орун басары Рустам Абдрахманов.

«Анын тырмактары кесилип, ар бир тиши чагылыптыр. Андан соң шашпастан мууздап, сууга кайнатыптыр. Кыскасы, башынын сөөгү гана калыптыр», — деди кыздын агасы.

Мындай үрөй учурган сүрөттөөлөр жүрөгү начар, же сезимтал адамдарга зыян келтирет. Ал эми психикалык оорулуу адамдардын канын кызытып, мыкаачылыкка түртүшү ыктымал.

Видео көрүүдө абайлаңыз!

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында бийиктен боюн таштап набыт болгон 26 жаштагы кыздын каргашалуу окуясы коомчулукту селт эттирди. Кыргыз ЖМКлары милициянын билдирүүсүнө таянып окуяны баяндашты.

Көпчүлүк ЖМКлар кимдир-бирөө күбө болуп тартып калган видеону эфирден беришти, сайттагы баракчасына да жайгаштырышты. Мисалы: «7-канал» , «Ош пирим» , «ОшТВ» телеканалдары үрөй учурган видеону кабарлар программасында көрсөтүштү. STATUS.KG , SUPER.KG маалыматтык порталдары ж.б. интернет-басылмалар өздөрүнүн Ютуб-каналдарына кыска видеону жайгаштырышты.

SUPER.KG порталы «…Ошто көпүрөдөн боюн таштап каза болгон кыз жигити менен урушуп кеткен» деп тема койгон. Кабарда милицияга шилтеме кылынганы менен, аталышында автордун билдирүүсү болуп калган.

Кабардын аягында каргашалуу окуянын видеосу да бар. Мында «Эскертүү: сөгүнгөн сөздөр бар» деп жазылганы менен, үрөй учурган видео экени эскертилген эмес.

О.э. видеонун аягында «Урматтуу колдонуучу, эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкуу талап кылган жаңылыгыңыз болсо биз менен бөлүшүңүз» деген кайрылуу турат.

Адам өмүрү кыйылган, трагедиялуу окуяга мындай жеңил, сенсация үчүн чакырык кылуу адамгерчиликке жатпайт.

Vesti.kg сайты да «Кара-Суу районунда бир жигит менен чырдан кийин кыз көпүрөдөн боюн таштаган» деп тема койгон.

Темада милициянын баштапкы версиясы эмес, далил катары берилген. Далил-фактылар аныкталмайынча, өлүмдүн себебин айтуу эрте.

Сайт үрөй учурган видеону жарыялап, «Абайлаңыз, видео 18+! – Ред.» деп эскертип койгону менен, бул видеону жүрөгү начар, сезимтал адамдар көргөндөн карманышы керек дегенди түшүндүрбөйт.

Жар бооруна курулган секини көпчүлүк ЖМКлар «көпүрө» деп туура эмес аташты.

Болуп жаткан каргашалуу окуялар жөнүндө коомчулук кабардар болушу керек. Бирок, автор материалы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурууну, эмоционалдык талкуу жаратууну эмес, эң алды – жабыр таркандардын жан-дүйнө кайгысын, эртеңки келечегин эске алышы керек.

Журналисттер этикасынын глобалдык хартиясы жана Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодекси ар бир адамдын жеке жашоосун урматтоого жана зордук-зомбулукту чагылдырууда кылдат болууга чакырат.

Журналистикадагы «зыян келтирбе» принциби – кесипкөйлүктүн көрсөткүчү.

Гүлзат Газиева

Журналистикада 19 жыл; гезит, ТВ, радио, сайт тармагында иштеген; медиа-устат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты