Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө
- 3 года мурун
Өлкөнүн аймагында аба ырайы өзгөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” билдирди.
13-16-август күндөрү аба ырайынын туруксуздугунан жана күтүлүп жаткан жаан чачындан улам айрым тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
Кыргызстандын аймагында абанын температурасы төмөндөдү. 13-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жана тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлүүдө. Ал эми, Ош Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айыл-чарба аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Муну бөлүшүү