Ысык-Көлгө алданып келип, зордукталган Каныкейдин окуясы

Каныкей (Аты-жөнү өзгөртүлдү) Ош шаарындагы университеттердин биринде көркөм өнөр факультетинде төртүнчү курста окучу. Биринчи топтогу майыптыгы бар. 2019-жылы Ош шаарынын мэриясына үй маселеси боюнча кайрылып жүргөн мезгилде жубайлар Мурат жана анын майыптыгы бар келинчеги Наргиза менен таанышып калган. Мурат Каныкейге үй алууга жардам бере турганын айтып, алар менен жакшы сүйлөшүп калышат. Дал ошол жардам берем деп ишеничке кирген Мураттан зомбулук көрөрү Каныкейдин үч уктаса түшүнө дагы кирген эмес.

“2021-жылдын 20-февралында Мурат мага, “Жапаровдун күйөө баласы менен байланышым бар, бизди президент менен жолуктурууга жардам берет. Келинчегим экөөбүз барабыз, кааласаң биз менен барып кел” дегенинен макул болгонмун. Анткени үй алууга муктаждыгым бар эле”, — дейт Каныкей.

Бир жыйынтык болот деп ишенген Каныкей, 25-февраль күнү Мурат менен Жапаровдун “күйөө баласына” жолугам деп, алданып Ысык-Көлгө барган.

Мурат “тайкемдин коттеджи” деп бир жерге алып барып, кыздын алсыздыгынан пайдаланып 6 саат зордуктаган. Кыздын телефондорун, паспортторун, акчасын зордуктап бүткөндө гана берип, кечирим сурап, таксиге салып жиберген.

Кыз зөөкүрдүн колунан бошонору менен дароо 102 милиция кызматына телефон чалган.

Шектүүгө Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Зордуктоо, башкача айтканда, өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зордук -зомбулук колдонуу же аны жабырлануучуга же башка адамдарга карата колдонуу коркунучу менен, ошондой эле жабырлануучунун алсыз абалын колдонуу менен жыныстык катнашка баруу) менен кылмыш иши козголгон.

Бул факты боюнча жаңылык массалык маалымат каражаттарына чыгары менен Адвокаттарды коргоо борборунун про-боно адвокаттары бул ишти алып, Каныкейге бекер юридикалык жардам көрсөтмөй болушат.

Каныкейдин укугун коргоону про-боно адвокат Айжан Жылкыбаева өз мойнуна алат.

“Ушул ишти мен алайын деп айттым. Ошол эле күнү мага бирөөлөр телефон чалып калып, мени адвокат болуп бериңиз, жабырлануучу кыздын укугун коргоп деп кайрылышты. Макул болуп эле айыпталуучунун фамилиясын сурасам, про-боно адвокаттарга түшкөн Каныкейдин иши экен. Алар менен жолугуп, бул иш боюнча мен жабырлануучунун укугун бекер коргоп береримди айтсам, башында ишенбеген көз караш менен карап жатышты. “Кантип эле бекер болсун?” деп. Анткени, ал кыз дагы тааныган адамынан ушинтип зомбулукка кабылып жатса, башка бейтааныш адамдарга ишениши кыйын болчу”, — деп баяндайт про-боно адвокат Айжан Жылкыбаева.





















Сүрөттө: Про-боно адвокат Айжан Жылкыбаева

Ошентип Айжан Жылкыбаева Каныкейдин кызыкчылыгын бекер жактай баштайт.

Шектүү Мурат Ысык-Көл облусунун тургуну, мурда дагы “Зордуктоо” беренеси боюнча соттолгону, учурда жумушсуз экени, бир уул, бир кыздын атасы экендиги аныкталган. Ал өз көрсөтмөсүндө зордуктаганын мойнуна алган.

“Мага кыздын ишенимине кирүү кичине кыйыныраак болду. Анткени, мени биринчи жолу көрүп жатат. Кантип эле бекер иштейсиңер деп таң калды да. Процесс башталып мен кыздын таламын талашып баштаганда кыздын көзү жайнап, мага ишене баштады”, — дейт про-боно адвокат Айжан.

Соттук-психиатриялык экспертиза шектүүнүн акыл-эси ордунда экендигин жана эч кандай мажбурлап дарылоого муктаж эмес экендигин көрсөткөн. Ал эми соттук-медициналык экспертиза аркылуу Каныкейдин зордукталганы жана денесинен жаракат алгандыгы толугу менен аныкталган. Ошону менен катар эле Мураттын күнөөсү толугу менен далилденген.

Ошого карабай айыпталуучу тарап, соттон жаш балдары бар экенин эске алып, актап берүүнү суранышкан.

“Биз болсо өмүр боюга эркинен ажыратууну, жабырлануучуга компенсация өндүрүүнү сурандык. Анткени, майыптыгы бар кызды алдап чакырып, 6 саат зордуктап жатат, мурда дагы ушул эле берене менен соттолгон экен. Ушул жагдайларды эске алышын соттон сурандык”, — дейт про-боно адвокат Айжан Жылкыбаева.

Бирок биринчи инстанциядагы сот Муратты 10 жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом компенсация төлөө чечимин чыгарган. Экинчи инстанция — облустук сот ал чечимди күчүндө калтырды жана соттун чечими күчүнө кирди.

“Облустук соттун чечими күчүнө киргенде мага ыраазычылыгын билдирип, “Чоң рахмат сизге, мен зөөкүр акталып кетеби деп абдан коркуп жаткам” деп мага ыраазычылыгын билдирди. Азыр кыз өзүнө бир аз келип калды, мага чалып турат. Мурда ыйлап, сүйлөгөндө калтырап-титиреп турчу, катуу стресс алганы көрүнуп турчу”, — дейт адвокат.

Айжан пандемиядан бери эле ушундай эки иште жабырлануучунун укуктарын ийгиликтүү коргогон.

“Зордук-зомбулук боюнча мурда деле көп эле иштер болгон, бирок алсыздыктан пайдаланганы экинчи жолу болду. Буга чейин дагы 7 жашар эрезеге жете элек кыз 2 тууганы тарабынан зордукталган. Анда дагы жабырлануучунун укуктарын коргогонмун. Бул иш боюнча эки баланын тең күнөөлөрү далилденип, соттолушту. Бирөө жашы жете элек болчу 9 жыл берилди, бирөөсүнүн жашы жеткендигине байланыштуу 10 жыл алган. Мен зомбулук көргөн аялдарга, майыптыгы бар жарандарга, жаш балдарга жардам бергим келет, бул чоң сооп иш да. Мындан ары деле мен өзүмдүн колумдан келишинче про-боно жардам көрсөтө бермекчимин”, — дейт про-боно адвокат Айжан Жылкыбаева.

Адвокаттарды окутуу борборунун адвокаттары зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга про-боно жардамдарын көрсөтүшөт. “Про боно” латын тилинен которгондо, коомдун кызыкчылыгы үчүн бекер жардам көрсөтүү дегенди түшүндүрөт. Бул долбоор ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында ишке ашып жатат.

Сиз дагы зомбулукка кабылып, юридикалык жардам керек болуп жаткан болсо төмөнкү координаттар боюнча кайрылсаңыз болот:

+996777669659, +996555669659 (Алика, Мира), email: [email protected]

#пробоно #зомбулуккажолжок

Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты