23-март: Аба ырайы  

  • 4 недели мурун

Кыргызгидрмет билдиргендей, бүгүн, 23-мартта, түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда кар, жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…+3, күндүз +15…+20;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +22…+24° жылуу болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өлкөдө 24-26-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн билдирди. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Кыргызстанда 24-25-март күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты