23-апрель: Көпчүлүк жерлерде жаан жаашы күтүлөт

  • 3 недели мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 23-апрелде, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк жерлерде жаан жаайт, күн күркүрөйт

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 19…21° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты