БШК: Кайра шайлоодо мыйзам бузуу фактылары боюнча координация тобуна кайрылгыла

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу саясий партиялардын өкүлдөрүн жана талапкерлерди шайлоо мыйзамдарын бузуучу, шайлоочулардын добуштарын мыйзамсыз жол менен ээлөө ыкмаларын колдонуучу аракеттерге жол бербөөгө чакырат.


Шайлоо мыйзамдарын бузуунун күбөсү болуп калсаңыз ал фактылар тууралуу бардык үч шаарда түзүлгөн ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна билдирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы өтүнөт. Мыйзам бузуулар жөнүндө төмөнкү даректер боюнча билдирүүгө болот:

Кыска номур – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Жарандардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары үчүн – 0502001255

Телефон доверия – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек– [email protected]

Бүгүн, 11-июль, эртең мененки саат 8де Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоо башталды.

Сүрөт: БШК маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты