Климаттын өзгөрүшү боюнча маселе – мамлекеттик саясаттын  артыкчылыктуу багыты болушу керек

  • 3 года мурун

Кыргызстандын мамлекет башчылары климаттын өзгөрүшү боюнча маселеде саясий эркин көрсөтүшү керек. Мындай пикирин Кыргызстандын «Жашыл альянс» коомдук бирикмеси билдирди.

2021-жылдын 1-12-ноябрында Улуу Британиянын Глазго шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын алдында алар Кыргыз Республикасынын жарандык секторунун көз карашын чагылдырган документтерди даярдашты.

Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу өлкөлөрдүн бири. Континенттин борборунда жайгашкандыктан, Кыргызстанда суу ресурстарынын жетишсиздиги, энергетикалык коопсуздук тобокелчилиги, экосистеманын деградациясы, жакырчылыктын жана этникалык чыр-чатактардын көбөйүшү ж.б. тобокелчиликтердин ыктымалдуулугу жогору. Демек, климаттын өзгөрүшүнө байланышкан маселелер өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктары менен түздөн-түз байланыштуу. Кыргыз Республикасында калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жергесинде жашайт. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери азык-түлүк коопсуздугуна жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу коркунуч туудурат.

«Жашыл альянс» коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Айлана-чөйрө жана климат боюнча жаңы мамлекеттик комитеттин түзүлүшүн кубаттоого алды.

«Экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө комплекстүү мамиле жасалаарына ишенебиз. Көзөмөлдөөчү жаңы органдын статусу өлкө ичинде дагы, эл аралык деңгээлде дагы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чечүүдө оң натыйжаларды берет деген үмүтүбүз бар», — дейт «Жашыл Альянстын» өкүлдөрү.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты