​Кийинки жылдан тартып Токтогул толо баштайт

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеште Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү менен CASA-1000 долбоору талкууга алынды.


Парламент депутаты Бактыбек Турусбеков “бул долбоор аркылуу Афганистан, Пакистанга электр энергиясын сатуу үчүн бизде суунун көлөмү кандай болушу керек? Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өзүнө электр энергиясы жетпей жатат, кантип сатабыз?”, — деген суроону берди.

Улуттук энергетикалык холдингдин башчысынын орун басары Тилек Айталиев 2017-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,5 миллиард кубометрге чейин көбөйгөнүн айтып:

“2018-2019-жылдары биз электр энергиясына болгон ички керектөөнү камсыз кылып, андан тышкары Өзбекстанга электр энергиясын экспорттогонго жетишкенбиз. 2024-жылы, долбоорду ишке ашыруу башталганда, агым көбөйөт, анткени бул цикл. Эгерде 2020-2021-жылдары агымдын азайышы байкалган болсо, анда 2022-жылы агым, тескерисинче, көбөйө баштайт», — деди.

28 — апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд. 648 миллион метр кубду түзүп, кооптуу чекке жакындагынын «Электр станциялары» ААКынын башкы директору Таалайбек Бектенов билдирген.

Энергетикадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрбөсөк, Кыргызстандын энергетикалык тутуму кыйрап, Токтогул ГЭСи токтоп калышы мүмкүн экенин айткан Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Бакыт Сыдыков көп өтпөй кызматтан алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты