​#ПАЙДАЛУУ: Бүтүрүүчүлөр үчүн Бишкектеги университеттерге онлайн тур

Жалпы республикалык тестти тапшырып, аттестат колго тиери менен билим борборлорун көздөй жөнөөгө даяр турган абитуриенттер үчүн өлкөбүздө эң көп тандоого ээ болгон жогорку окуу жайлар тууралуу керектүү маалыматтарды чогулттук.

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети

Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын негизинде иштеген окуу жай. Тиешелүү түрдө бүтүрүүчүлөр эки өлкөнүн дипломун алышат. Абитуриенттерди ЖРТ тесттин жыйынтыгына карай рейтингдик негизде кабыл алышат.

Бюджеттик орундар бардык факультеттерде бар. Сырттан окуу каралган.

Факультеттер:

-Табигый-техника;

-Экономика ;

-Юридика;

-Гуманитария;

-Эл аралык мамилелер;

-Медицина;

-Архитектура, дизайн жана курулуш (бюджет бар).

Факультет аралык кафедралар:

— Чет тилдер кафедрасы;

-Дене тарбия кафедрасы.

Архитектура, архитектуралык чөйрөнүн дизайны, костюм жана текстиль өнөрү тармактарына тапшыруучулар үчүн чыгармачылык экзамендер 7-июнда башталат. Кошумча экзаменге катталуу (0312) 449 622 номери же [email protected] почтасы аркылуу.

Катталуу үчүн керектүү документтер:

-3х4 сүрөттүн электрондук варианты;

-Паспорттун сканерленген көчүрмөсү;

-Орто билим тууралуу мамлекеттик таанылган документтин сканерленген көчүрмөсү;

-ЖРТнын сканерленген көчүрмөсү;

-Кабыл алуунун өзгөчө шарттарына жана жеңилдиктерге арыз берүүгө укук берген документтердин сканерленген көчүрмөсү.

Контракт баасы: 29500-50000 сом;

Катталуу: 20-июндан 10-июлга чейин study.krsu.edu сайтында онлайн жүрөт;

Расмий сайттары: krsu.edu.kg krsu_abit;

Байланыш номерлери: 0555431211;

Дареги: Киев көчөсү 44.

Кыргыз-Түрк Манас университети

Эки өлкөнүн дипломдору берилет. Кыргыз же түрк тилин билбеген абитуриент бир жыл даярдоо курсунда үйрөнө алат. ЖРТ баллы 120дан (айрым факультеттерде 110дон) ашып, университеттин жеке сынагынан өткөндөрдүн баары бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Сырттан окуу жок.

Факультеттер:

-Гуманитарий;

-Искусство;

-Коммуникация;

-Теология;

-Экономика жана башкаруу;

-Инженерия;

-Ветеринария;

-Айыл чарба.

Кесиптик жогорку мектептери:

-Физкультура жана спорт;

-Туризм жана мейманкана иши;

-Чет тилдери;

-Профессионалдык жогорку мектеп.

Катталуу үчүн керектүү документтер:

-Орто мектепти же атайын кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин электрондук форматы;

-Паспорттун электрондук форматы;

-ЖРТнын сертификатынын электрондук форматы ;

-3х4 өлчөмүндөгү акыркы үй ичинде түшкөн сүрөт;

-Каттоо акысы төлөнгөн квитанциянын сүрөтү.

Контракт баасы: Окуу окысыз;

Катталуу: 21-июндан 26-июнга чейин abiturient.manas.edu.kg сайтында онлайн жүрөт;

Расмий сайттары: intl.manas.edu.kg @students.manas.edu.kg;

Байланыш номери: (312) 54 19 42;

Дареги: Жал микрорайону Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарча.

Ала-Тоо эл аралык университети

Лекциялар англис тилинде өтүлөт. ЖРТ баллы жана олимпиададагы ийгиликтерге карай контракт баасынын арзандатуулары болот.

Факультеттери:

-Инженерия жана информатика;

-Экономика жана башкаруу;

-Гуманитардык илимдер;

-Медицина;

Орто кесиптик билим мектептери жана менеджмент менен педагогиканы камтыган эл аралык аралыктан окуу борбору бар.

Катталуу үчүн керектүү документтер:

-Орто мектепти же атайын кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин электрондук форматы;

-ЖРТнын электрондук форматы;

-Паспорттун копиясы;

-Катталгандыгы жөнүндө же аскердик билетинин күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

-3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт.

Контракт баасы: 1480$-3300$га чейин;

Официалдуу сайттары: alatoo.edu.kg @alatoo.edu.kg;

Байланыш номери: 0555 820 000 (312) 630 407;

Дареги: Анкара көчөсү 1/10.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Университетке кабыл алууда жалпы абитуриенттердин ЖРТ баллы жана химия, биология предметтик тесттери рейтингдик түрдө каралат. Ага карай окуу жайга өтүүдөгү босого баллдар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталат.

Факультеттер:

-Дарылоо иши (бюджет бар);

-Стоматология;

-Педиатрия (бюджет бар);

-Фармация;

-Медициналык алдын алуу иши (бюджет бар);

-Медайым иши (бюджет бар).

Катталуу үчүн керектүү документтер:

-Окуу жайдын ректорунун атына арыз;

-ЖРТ сертификатынын оригиналы;

-Орто билим жөнүндөгү документ (аттестат);

-4х6 2 сүрөт, 3х4 4 сүрөт;

-Аскердик билеттин же катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;

-Документти кабыл алуу жөнүндөгү квитанция;

-Паспорттун көчүрмөсү же өздүгүн тастыктаган документ.

Контракт баасы: 26350 сомдон 66000 сомго чейин;

Катталуу: июль айында башталат;

Расмий сайттары: kgma.kg @kgma_abiturient;

Байланыш номери: (312) 565 946;

Дареги: И.Ахунбаев көчөсү 92.

Бишкек мамлекеттик университети

Университетке кабыл алуу ЖРТ жана предметтик тесттин жыйынтыгынын негизинде рейтингге коюуу менен болот. Дал ушундай негизде бюджеттик жана контрактык орундар аныкталат. Сырттан окуу бар.

Факультеттер:

-Кыргыз филологиясы (бюджет бар);

-Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер;

-Кыргыз кытай факультети;

-Славян таануу (бюджет бар);

-Европа цивилизациялары (бюджет бар);

-Журналистика жана маалыматтык системалар (бюджет бар);

-Социалдык психология (бюджет бар);

-Экономика жана финансы;

-Экология жана менеджмент.

Катталуу үчүн керектүу документтер:

-ЖРТнын сертификаты;

-Университеттин бланкасындагы кабыл алуу жөнүндөгу арыз;

-Аттестат;

-3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;

-Өздүгүн тастыктаган документ;

-Аскердик билеттин же катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү.

Контракт баасы: 31000-43750 сом;

Катталуу: 12-июлдан баштап;

Расмий сайттар: bhu.kg;

Байланыш номери: 0708 777 875, 0553 959716;

Дареги: Бишкек шаары Ч.Айтматов проспекти 27.

Кыргыз улуттук университети

Бюджеттик орундар ЖРТ сынагынын жыйынтыгына карай рейтингдик негизде берилет. Сырттан окуу бар.

Факультеттер:

-Математика жана информатика (бюджет бар);

-Физика жана электроника (бюджет бар);

-Химия жана химиялык технология (бюджет бар);

-Биология (бюджет бар);

-География, экология жана туризм (бюджет бар);

-Тарых жана аймак таануу (бюджет бар);

-Кыргыз филологиясы (бюджет бар);

-Орус жана славян филологиясы (бюджет бар);

-Чет тилдер;

-Журналистика;

-Социалдык гуманитардык илимдер;

-Кыргыз Европалык факультет;

-Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу;

-Кыргыз кытай факультети;

-Педагогика;

-Кайра даярдануу жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу факультети;

-Маалыматтык жана инновациялык технологиялар;

-Мамлекеттик муниципалдык башкаруу;

-Экономика;

-Юридика;

-Бизнес жана башкаруу;

-Гуманитардык жана табигый илимдер;

-Медицина.

Катталуу үчүн керектүү документтер:

-Орто мектепти же атайын кесиптик орто окуу жайды, жогорку окуу жайды бүтүргөндүгү жөнүндө документ;

-3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;

-Паспорттун көчүрмөсү;

-Аскердик билеттин же катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;

-Кабыл алуунун өзгөчө шарттарына жана жеңилдиктерге арыз берүүгө укук берген документтер.

Контракт баасы: 28000-49000;

Катталуу: 12-июлдан башталат;

Расмий сайттар: knu.kg;

Байланыш номери: 0312 323 394;

Дареги: Абдымомунов, 328.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алышат. Бюджеттик орундар бар. Сырттан окуу бар.

Факультеттер:

-Технология;

-Маалыматтык технология;

-Транспорт жана машина куруу;

-Энергетика;

-Инженердик экономика;

Дизайн жогорку мектеби.

Үч институт:

-Электроника жана телекоммуникация;

-Биргелешкен билим берүү программалары;

-Кыргыз-герман техника.

Кабыл алуу үчүн керектүу документтер:

-Тиешелүу билим тууралуу документ;

-ОРТнын сертификаты;

-Өздүгүн тастыктаган документ;

-3х4 өлчөмүндөгү 4 сүрөт;

-Аскердик билеттин же катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү.

Контракт баасы: 27100-52900 сом;

Катталуу: июль айында башталат;

Расмий сайттар: kstu.kg;

Байланыш номери: 0312-54-51-25;

Дареги: Чыңгыз Айтматов проспекти 66.

КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы

ЖРТ тесттин жыйынтыгы аркылуу, факультетке карай предметтик тесттердин баллы кошулуп рейтингдик негизде каралат. Сырттан окуу жок. Бюджет жок.

Факультеттер:

-Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу;

-Экономика;

-Менеджмент;

-Юриспруденция.

Катталуу үчүн керектүү документтер:

-Жалпы орто же орто кесиптик билим туралуу документ;

-3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;

-Паспорттун көчүрмөсү;

-Аскердик билеттин же катталгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү

-ЖРТ тестинин сертификаты;

-Кабыл алуунун өзгөчө шарттарына жана жеңилдиктерге арыз берүүгө укук берген документтер.

Контракт баасы: 46000;

Расмий сайттар: apap.kg @agupkr_apap;

Катталуу: июль айында башталат;

Байланыш номери: 0312 623 100;

Дареги: Панфилова 23.

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КГУСТА)

Абитуриенттерди ЖРТ тесттин жыйынтыгы менен кабыл алышат. Айрым багыттар үчүн кошумча конкурстар бар. Сырттан окуу каралган.

Жалпы 6 институт бар:

-Курулуш жана технологиялар (бюджет бар);

-Экономика жана менеджмент (бюджет бар);

-Архитектура жана дизайн (бюджет бар);

-Транспорт жана экология (бюджет бар);

-Жаңы маалыматтык технологиялар (бюджет бар);

-Кыргыз-герман колдонмо информатика;

-Инновациялык кесиптер (бюджет бар);

Архитектура, архитектуралык чөйрөнүн дизайны, шаар курулушу, көркөм өнөр искусствосу тармактары боюнча кошумча сынак болот. (15-июль)

Катталуу үчүн керектүу документтер:

Билими боюнча тиешелүү тиешелүү документ;

-ЖРТнын сертификаты;

-Паспорт же өздүгүн тастыктаган документ;

-Аскерге чакырылуучу күбөлүгүнү көчүрмөсү;

-3х4 өлчөмүндөгү 4 сүрөт.

Контракт баасы: 29500-42000;

Катталуу: 12-июлдан баштап;

Расмий сайттар: kstu.kg @kstu.kg;

Байланыш номери: 0312 541 921;

Дареги: Чыңгыз Айтматов проспекти 66.

Даярдаган: Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты