Спутник V вакцинасы менен кайдан эмделүүгө болот?
- 3 года мурун
Бишкекте коронавируска каршы Спутник V вакцинаcын үй-бүлөлүк медицина борборлорунан алса болот.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Бишкекте Cпутник V вакцинасын төмөндөгү үй-бүлөлүк медицина борборунан алса болот:
• Ленин районунун No2 ҮМБ;
• Биринчи Май районунун Бириккен ҮМБ;
• Октябрь райондук бириккен ҮМБ;
Свердлов районунун No8 КММ;
Биринчи Май районунун No7 ҮМБ.
Эмдөө пункттары саат 8: 00дөн 23: 00гө чейин иштейт.
Sputnik V вакцинасын 60 жаштан жогорку курактагы адамдар, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана өнөкөт оорулары бар адамдар колдоно алышат.
Кыргызстанга 17-июнда 89 миң доза “Гам-КОВИД-Вак (СпутникV ) вакцинасы келген.
Муну бөлүшүү