​Врач-ортопед Сабырбек Жумабеков менен бир күн

КРнын эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор, миңдеген бейтаптарга шыпаа берген врач-ортопед Сабырбек Жумабеков менен эртеден кечке чогуу жүрүп, анын бир күндүк иш күнү менен тааныштык.

Врач-ортопед, профессор, академик Сабырбек Жумабеков жумушка эртең менен 7 жарымдарда келип, кечки 10дорго чейин иштейт. Бир күндө 5тен ашык операция жасап, 50-60га жакын бейтапты кабыл алат. Келген бейтаптардын айрымдары нааразы болсо, басымдуу бөлүгү ыраазы болуп кайтышат. Биз барган күнү Сабырбек Жумабеков беш операцияны өзү жасап, алтынчысын окуучусуна тапшырды.

Бейтаптарды кабыл алуу

Биз барган күнү Сабырбек Жумабеков жумушка саат 9:30да келди. Кечигип келгенинин себеби, башка бейтапканага чакыруу менен барганы экен. Хирург жумушуна келгенге чейин анын кабыл алуу бөлүмүндө жыйырма сегиз адам кезек күтүп турган.

Келери менен аларды четинен кабыл алып баштады. Ар бирине 2-3 мүнөттөн убакыт бөлүп, айрымдарына “анализ тапшырыш керек” десе, кээ бирине “операция жасоо үчүн бейтапканага жатыш керек” деп жатты. Бат көргөндүгүнүн бирден-бир себеби, анализдер үчүн керектүү кагаздарды столдун үстүнө аты-жөнүн, колун коюп даярдап койгондугунда экенин байкадык.

Мен байтаптарды эшиктен басып кирип келе жатканда эле “кайсы жагы ооруйт, кайсы жеринде мүчүлүштүгү бар” экиндигин билем. Ооруган жерин сөзсүз эле кармалап, жулмалап көрүштүн кереги жок. Томографиянын жыйынтыгы менен эле диагноз чыгарып койсо болот. Бейтаптарды бат-бат көргөнүмдүн себеби да ошол”.

Баса, бейтаптарды кабыл алуу учурунда “Бул маселени кандай кылалы”, “Тигиге операция жасайбызбы?”, “Баланчанчы бейтаптын операциясы кандай өттү?” деген суроолор менен кайрылгандандын саны арбын болду.

Операцияга даярдык…

Саат он бирлерде Сабырбек Жумабеков менен бирге экинчи кабаттагы операция бөлүмүнө бет алдык. Жолду карай айрым кызматкерлердин жасаган иштерин көзөмөлдөп, “Эмне болуп атасыңар”, “Эмне кылып атасыңар?” деп сураганга да жетишти. Ошентип, экинчи кабаттагы операция бөлүмүнө да жетип бардык. Ал жерден бизди, “Бул кыздарымды кийинтип, операцияга даярдагыла” деп медайым кыздарга тапшырды. Өзү болсо атайын эркек врачтардын кийинген бөлмөсүнө кирип кетти.

Баса, бул кийинүүчү бөлмөнүн жаңы оңдоодон өткөнүн байкадык. Мурда, бул жерде Сабырбек Жумабековдун операциядан чыгып, эс алганда тартыла турган турниги боло турган. Ал турникти алып салышыптыр. Медайым бизге “кийимдериңердин сыртынан ушул форманы кийип алгыла” деп көк түстөгү форма, бетибизди жапканга ак бинттен жасалган масканы колубузга карматты. Көзүбүздү эле ачык калтырган форманы кийип алып, операция бөмөсүнө баш бактык. Профессордун жасаган операциясына мурда киргениме карабай, бул жолу да операция залына киргенде кооптонуу сезими пайда болуп, кандын жытынан жүрөгүм айланып турду.

Биринчи жасалган операция

Кирсек, бейтапты врачтын ассистенттери операцияга даярдап коюптур. Врач колун спирт менен эки жолу чайкап, бир аз дене-бойду бошотуучу көнүгүү жасап, андан соң дароо операцияга киришти. “Бул айымдын буту эки жака тайтайып бараткан. Кээ бир 50 жаштан ашкан аялдардын буттарынын ички кемирчеги жээлип, тайтайып баштайт. Биз, сөөктү сындырып түздөп, темир менен карматабыз. Башкача айтканда, биомеханикасын өзгөртөбүз.

Операция бат эле аяктады. Бул жолу мен операция жасалып аткан аялдын жанына жакын барып, канды карай алган жокмун. 3-4 метр аралыктан эле көз салып турдум. Кандын жыты мурдуман кетпей, бир аз жүрөгүм айлангансып жатты.

Операциядан операцияга кирдик

Биринчи операциядан чыгып эле кайрадан экинчи операцияга кирдик. Бул жерде жашы 50дөн ашып калган аялды операцияга даярдап коюшуптур. Бул аялды көрөр замат эмнегедир “буту жок окшойт” деп ойлоп, үстүмөн муздак суу куюп жибергендей селдейип туруп калдым. Бери жакта турган медайымдан “бейтаптын буту жок го…” деп сурасам, ал “Жок, буту бар эле. Жөн гана бутун таңып, бүктөп койгонбуз. Ошол үчүн сизге жакшы көрүнбөй жатат” деп күлүп койду.

Операцияны көпкө карап тура албай, улам эшикке кирип чыгып аттым. Себеби, операция учурунда кадимки эле усталар колдонгон сыяктуу шаймандар колдонулуп, улам ургулап, кайра шуруптар менен бекитип жатты. Байкашыма караганда бул операция оор болду. “Бейтап, мындан отуз жыл мурун жол кырсыгына кабылып кашка жилик сынып, желип калган. Биз кашка жиликтин (жамбаштын уячасы) башын алмаштырып имплант коебуз” — дейт врач-ортопед. Бул операция кырк мүнөткө созулду. Операциядан чыкканда Сабырбек Жумабеков эмнегедир көзүмө чарчанкы көрүндү. Кийип турган кийимдери да терден улам суу болуп калган экен. Бул туурасында врач төмөнкүлөргө токтолду: “Ар бир операцияга болгон күчүмдү жумшайм. Ошондуктан операция учурунда абдан тердейм. Кээде кийимдеримди алмаштырууга да туура келет”.

Тыныгуусуз жасалган беш операция

Биз барган күнү врач эч тыныгуусу жок беш операция жасады. Биринин колу, биринин жамбашы, биринин буту экен. Ал арада жасаган операцияларына кайрадан кирип, бейтаптардын абалын сураганга да жетишти.

Бул күнгө пландалган алтынчы операциясын окуучуларына тапшырды. “Билгендеримди окуучуларыма үйрөтөм. Операцияны кыйын жасаган балдар бар. Алар убагы келгенде менден да күчтүү хирург болушат”

Операциядан чыгып Сабырбек Жумабековга суроо салдым:

— Чарчадыңызбы?

— Акыркы операция оор болду. Себиби, мындан отуз жыл мурун жол кырсыгына кабылып кашка жилик сынып, кыйшык бүтүп калган. Биз кашка жиликтин башын (жамбаштын уячасын) алмаштырдык. Кашка жиликтин башына салынган протездин “ножкасы” кирбей жатты. Мындан улам кошумча канал жасап, тешик чыгарып протезди орноттук. Ошон үчүн кичине оор болуп калды. Бизде мындай көрүнүштөр көп болот. Ар бир адамдын сөөгү ар башкача болуп сынат, жаракат алат. Бир адамдын организми экинчи адамдыкына окшошпойт. Ошондуктан, ар бир адамга чыгармачылык менен мамиле кылыш керек. Буюрса, бул бейтап жакшынакай басып кетет.

— Кандай учурда чарчайсыз?

— Бизде чарчоо деген жок. Ал нерсени биз унутканбыз. Организм өзү бул нерсеге көнүп калган. Азыр кабинетиме барып кайрадан бейтаптарды кабыл алам. Эгер бүгүн “чарчадым” деп кабыл албай койсом, эртен дагы үстүнө кошулуп жумуш көбөйөт. Ошондуктан күнүнкүсүн күнүгө кабыл алып турбасам, өзүм эле кыйналып калам. Албетте адам болгондон кийин кээде чарчап да калам.

— Мындай учурда чарчооңузду кантип жазасыз?

— Чарчап калган күндөрү үйгө барганда чуркайм. Чуркагандан денем жазылып, кадимкидей ырахат алам.

—Түшкү тамактанууга убакыт бөлөсүзбү?

— Көп учурда түштөнбөй иштейм. Себеби, бейтаптардын көптүгүнөн тамактанууга убактым болбой калат. Кээде эле туугандарым тамак алып келип калышканда тамактанып калбасам.

— Кээ бир бейтаптарга “жок” деп айткан учуруңуз болгонбу?

— Кайсы бир бейтап жардамга муктаж болсо, эч бир хирург жок деп айтпайт. Бул нерсе хирургдардын жүрөгүндө чоң тамга менен жазылып калган. Кээде түн жарымында да келгенге туура келет. Мисалы, түнкү саат экиде атайын чакыруу менен келип кеткем.

– Операциянын баасы канча турат?

– Биздин борбордо операция акысыз. Мен бейтаптардан бир да сом албайм. Болгону керектүү темирлерди бейтаптын жакындары сатып беришет.


Даярдаган: Кымбат Турдубекова

Сүрөт: Гулиза Урустанбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты