​Журналисттер жаңы мыйзамдар боюнча Башкы прокурорго кайрылды

  • 3 года мурун

Жазык, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу кодекстерин, ошондой эле Бузуулар кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу эксперттик топ өз долбоорлору менен тааныштырып, Кыргызстандын коомчулугун аларды талкуулоого кеңири катышууга чакырган.


Көз карандысыз Журналисттер Союзу, өлкөнүн медиа коомчулугунун өкүлдөрү жогорудагы кодекстерде журналисттик коомчулуктун кызыкчылыгы эске алынбагандыгына тынчсыздануусун билдирип, бийликтин төртүнчү бутагы катары өз сунуштарын берди.

“Жаңы кодекстерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко өлкөнүн медиа коомчулугунун бир дагы өкүлү чакырылган жок, бирок алардын арасында укуктук билими бар адистер да бар эле. Талкуу жабык эшик артында өтүп, ЖМК өкүлдөрү жумушчу топтун чечимдерине таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жок.


Белгилүү болгондой, азыркы мезгилде журналист кесибин аркалоо өтө чоң тобокелчиликтер жана коркунучтар менен коштолуп жүрүүдө. Себеби, кыргыз журналисттери өлкөдөгү коррупцияга каршы иликтөөлөргө, өзгөчө кооптуу окуяларды (митингдер, аскердик чыр-чатактар, пандемиялар) чагылдырууга активдүү катышып, сөз эркиндигин жана пикирлердин плюрализмин активдүү коргоп жатышат. Жоопкерчиликтен качуу үчүн көптөгөн коррупционерлер, таза иштебеген мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, саясатчылар, кылмышкерлер жана башка таза эмес адамдар аларды коом алдында журналисттер ашкере кылбашы үчүн, журналисттердин ишине тоскоолдук кылууга болгон күчүн жумшап жатышат. Журналисттерди сабашат, алардын мүлкүн (видеокамералар, диктофондор) талкалашат, коомдук жайларда аудио-видео тартууга жол беришпейт, мыйзамдык талаптарга карабастан маалымат алууга тоскоолдук келтиришет.


Белгилүү болгондой, 1997-жылы Кылмыш-жаза кодексинде журналисттердин кызыкчылыгын коргогон бир гана берене болгон. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 151-беренеси менен журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчилик белгиленген. 2017-жылдагы укуктук реформадан кийин бул ченем Жоруктар кодексине, ал эми учурдагы реформанын натыйжасында Бузуулар кодексине өткөрүлүп берилген. Аларга карата санкциялар ылдыйлатылган, чиновниктер айрым кызматтарды ээлөө боюнча санкциядан кутулушкан.


Ушуга байланыштуу бир нече учурларды белгилөөгө болот.

1. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын 10-беренесинде мындай айтылат:

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алуу, аларды жайылтуу укугу жана сөз эркиндиги укугу кепилденет.

2. Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишмердигин мыйзамдын чегинде жүргүзөт.

3. Кыргыз Республикасында маалымат коопсуздугу мамлекет тарабынан корголот.


Сөз эркиндигин, журналисттин кол тийбестигин, ошондой эле анын маалыматка жетүү укугун коргоонун негиздери, Кыргыз Республикасынын башка бир катар мыйзамдарында да белгиленген (“Маалыматтарга жетүү кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө”ж.б.). Бирок, журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу, маалымат алууга мүмкүнчүлүк бербөө, сөз эркиндигин кысуу аракети үчүн жоопкерчиликти белгилеген ченемдердин жоктугу, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам ченемдеринин бардыгын декларативдүү кылат жана алар жөн гана иштебей кала берет”, — деп билдиришкен.

Жаңы Жазык кодексинин долбоору өзгөчө статуска ээ адамдарды, ошондой эле алардын ишинин мүнөзүнө байланыштуу белгилүү бир тобокелчиликке дуушар болгондорду коргогон бир катар атайын ченемдерди камтыйт. Алардын катарына укук коргоо органдарынын кызматкерлери, сот тутумунун кызматкерлери, медициналык кызматкерлер жана адвокаттар кирет. Бирок, акыркы кездерде мындай тобокелдиктерге көп дуушар болгон журналисттердин кызыкчылыктары тилекке каршы, эске алынган эмес. Ошол эле учурда практика көрсөткөндөй, журналисттерге көбүрөөк кол салуу, алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар болуп, аларга маалымат алууга мүмкүнчүлүк берилбей, баш тартылган учурлар көп.

Практика көрсөткөндөй, журналисттер тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөр коррупциялык схемаларды уламдан-улам ачыкка чыгарып, анын жардамы менен мамлекетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген кылмыштардын бети ачылууда. Журналисттик иликтөөлөрдөн кийин укук коргоо органдары тергөө, сотко чейинки процесстерин баштап, коррупцияга айыпталып жаткан бир катар чиновниктерди жоопко тартышты. Буга ачык мисал — журналисттик иликтөөнүн натыйжасында ачыкка чыккан “Матраимовдун иши”. Бул дагы бир жолу журналисттик ишмердүүлүк мамлекет тарабынан атайын мыйзамдык жазык-укуктук коргоого муктаж экендигин далилдейт.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайык келтирүү, ошондой эле сөз эркиндигин жана журналисттердин укуктук ишмердүүлүгүн коргоо мыйзамдын конституциялык принциптеринин бири катары, Көз карандысыз Журналисттер Союзу жана өлкөнүн медиа коомчулугу төмөнкүдөй сунуштарды киргизген:


  • Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин долбооруна «Журналисттин кесиптик, укуктук ишине тоскоолдук кылуу» беренеси кайтарылсын.
  • Убакыттын өзгөрүшүн эске алып, беренени азыркы кырдаалдын бардык талаптарын жана коркунучтарын эске алуу менен кеңейтүү. Атап айтканда, “маалымат чогултуу” түшүнүгүн кошуу, анткени журналисттерге каршы кылмыштардын көпчүлүгү керектүү маалыматтарды топтоо стадиясында болот. Ошондой эле мыйзамда белгиленген мөөнөттө журналистке маалымат бербөөнү журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук катары квалификациялоо сунушталууда.
  • Беренени квалификациялык белгилер менен толуктоо, атап айтканда, журналисттер өзүлөрүнүн иликтөөсү учурунда, массалык жана башка митингдерди чагылдырууда тоскоолдуктарга учуроосу, анткени так ушундай учурларда журналист өзгөчө тобокелчиликтерге дуушар болот.
  • «Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу» беренеси боюнча санкциянын эсептик көрсөткүчүн 200дөн 300гө чейинки өлчөмүн кайтарып берүү, ошондой эле кызмат абалынан пайдаланган адамдарга каратабелгилүү бир кызматтарды ээлөөгө же белгилүү бир иш менен алектенүүгө тыюу салуу санкцияларын кайтарып берүү.
  • Эгерде журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу зордук-зомбулук менен (ден-соолукка олуттуу зыян келтирүү менен байланышпаса) же зомбулук көрсөтүү коркунучу, анын мүлкүн жок кылуу менен коштолсо, беренени өзгөчө квалификациялоочу белги катары чечмелөө сунушталат жана эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны караштыруу.

Беренени төмөнкү мазмунда берүү сунушталат

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиндеги берене. Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу

1. Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине аны маалымат таратууга же маалымат берүүдөн жана таратуудан баш тартууга мажбурлоо аркылуу тоскоолдук кылуу,

— эсептик көрсөткүчтүн 200дөн 300гө чейинки өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле жосунду адам өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен жасаса, — эсептик көрсөткүчтүн 600дөн 1000ге чейинки өлчөмүндө айып салууга, ошондой эле белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан бир жылдан эки жылга чейинки мезгилге ажыратууга алып келет.

3. Ушул берененин 1- жана 2-бөлүктөрүндө каралып, журналисттик иликтөө жүргүзүүлөрдү, атайын репортаждарды, митингдерди, жүрүштөрдү же башка иш-чараларды чагылдырууларды коштогон жосундар —

— эсептик көрсөткүчтөрдүн 1000ден 2000ге чейинки өлчөмүндө айып салууга же 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алып келет.

4. Ошол эле жосун, өмүргө же ден-соолукка кооптуу болбогон зомбулук көрсөтүү же мындай зомбулукту колдонуу коркунучу менен, же мүлктү бузуу же жок кылуу менен айкалыштырылса,

— 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алып келет.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты