​Жабыркаган чек арага чектеш айыл балдары Ысык-Көлдө эс алууда

  • 3 года мурун

Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде 28-30-апрель күндөрүндө болгон окуяларда жабыркаган чек ара айылдарынын балдары менен мугалимдери 5-июндан баштап Ысык-Көлдө эс алууда.


Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдиргендей, чек ара айылдарынан 100 бала жана 15 мугалим Ысык-Көлдөгү ”Жалын” аттуу балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна 10 күнгө эс алууга жиберилди.

Эс алуу учурунда балдар менен психологдор жана аниматорлор иштешет. Ошондой эле искусство өкүлдөрүн тартуу менен маданий программа дагы даярдалган.

Иш-чара мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда стресс болгон балдарды калыбына келтирүүгө багытталган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты