Асылбек Жээнбековдун жактоочусу апелляциялык арыз берди
- 3 года мурун
Депутат Асылбек Жээнбековдун адвокаттары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Т.Бекеновдун 2021-жылдын 31-майындагы токтомуна карата Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар иштери боюнча соттук коллегиясына апелляциялык арыз беришти.
Бул тууралуу Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов билдирди.
Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Т.Бекеновдун токтому менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү канааттандырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шариповичке карата 2021-жылдын 31-июлуна чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.
Коргоо тараптын пикири боюнча, бул чечим Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясын жана жазык-процесстик мыйзамдарды одоно бузуу менен, шектүү деп табуунун негиздүүлүгү текшерилбестен кабыл алынган.
«Буга байланыштуу биз Асылбек Жээнбековго карата 2021-жылдын 31-июлуна чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу боюнча Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Т.Бекеновдун токтомун жокко чыгарууну өтүнөбүз. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартып, Жээнбековго карата бөгөт коюу чарасын Кумтөр боюнча ишти ийне-жибине чейин иликтегенге чейин эркиндикти чектебеген бөгөт коюу чарасын колдонууну суранабыз», — деп билдирди адвокат Касымов.
“Асылбек Жээнбековду кармоо боюнча бүтүндөй процесс толугу менен антиконституциялык болуп эсептелет, анткени Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясынын 78-беренесинин талаптарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты анын депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан пикирлери үчүн же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынбашы керек”, — деп баса белгиледи адвокат.
Белгилүү болгондой, жаңы Конституция боюнча, депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу анын кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурлардан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана ишке ашырылат.
“Ошону менен бирге белгилей кетсек, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулганда, тергөө судьясы, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында судья чечим чыгарууда таянып негизделген конкреттүү, фактылык жагдайлар көрсөтүлүшү керек. Сот отурумунун жүрүшүндө текшерилбеген маалыматтар мындай жагдайларга кирбейт. Бирок сотко берилген материалдарда мындай бөгөт коюу чарасын колдонууга негиз боло турчу фактылык жагдайлар жок”, — деп баса белгиледи адвокат.
Ал Жээнбековдо тергөө органдарынан жашырынуу, же тергөөгө тоскоол кылууга негиздери жок экенин билдирди. “Биздин корголуучубуз алгачкы жолу чакырганда эле келип, тергөө органдарынан качкан эмес, тергөөгө кандайдыр бир тоскоол жараткан эмес, туруктуу жашаган жери бар”, — деп белгиледи адвокат Д.Касымов.
Фото интернеттен алынды