​ENEMOнун изилдөөсү: Постсоветтик өлкөлөр пандемия учурунда деле демократияга үмүт артышты

  • 3 года мурун

COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы шайлоо процессинде чоң өзгөрүүлөрдү жана көйгөйлөрдү жаратты. Пандемия учурунда өткөрүлгөн 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы менен Өкмөттүн ортосундагы координациянын начардыгы пандемиялык тобокелдиктерди, минималдуу санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды, COVID-19 профилактикасы жөнүндө шайлоочулардын маалыматтарынын жетишсиздигин жана добуш берүүнүн купуялуулугун сактоого таасир эткен.

Кыргызстанда 2021-жылы өтө турган кезексиз парламенттик шайлоону утурлай алдын-алуу иш-чараларынын жана эл аралык алдыңкы тажрыйбага ылайык санитардык ченемдердин сакталышын камсыз кылуу боюнча дагы көп иштер жасалышы керек.
Бүгүнкү күндө Европадагы Шайлоону Байкоо Уюмдарынын Тармагы (ENEMO) жарыялаган жаңы изилдөө пандемия шайлоочулардын активдүүлүгүнүн азайышына алып келбегенин жана шайлоого байланыштуу COVID-19 вирусунун көбөйгөндүгүнө далил жок экендигин көрсөттү. Изилдөө 2020-жылы постсоветтик төрт мамлекетте — Грузияда, Кыргызстанда, Молдовада жана Украинада өткөн шайлоону камтыды. Отчетто шайлоочулардын ден-соолугун жана коопсуздугун коргоо боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле жалпысынан шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер жасалышы керектиги белгиленген.

«Биз пандемия Грузия, Кыргызстан, Молдова жана Украина сыяктуу өнүгүп келаткан демократиялык өлкөлөрдөгү шайлоолорго кандай таасир эткендигин иликтедик, бул өлкөлөр өзгөрүүлөргө эң аялуу болуп калышы ыктымал. Тандалган төрт мамлекетте тең бийлик шайлоо учурунда COVID-19 алдын алуу иш-чараларын толугу менен аткарган жок, бирок бул жагдай жалпы көз караш жана түшүнүктөргө карабастан, шайлоочулардын аз катышуусуна алып келген жок», — деди ENEMOнун башчысынын орун басары Пьер Пейтиер.

Изилдөө көрсөткөндөй, буга окшогон акыркы шайлоолорго салыштырмалуу шайлоочулардын активдүүлүгү изилденген төрт мамлекеттин экөөндө: Грузияда 4,2 пайызга, Молдовада 1,6 пайызга өстү. Ошол эле учурда, Кыргызстанда шайлоочулардын катышуусу 2,3 пайызга, Украинада 9,8 пайызга төмөндөгөн. Бул тенденция өлкөлөрдүн пандемиянын жаңы реалдуулугуна ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгүн жана добуш берүүнүн ийкемдүү формаларына жол ачат.

«Кыргызстандагы демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» бейөкмөт уюмунун президенти Эрик Ирискулбеков:

«Көчмө урналарды колдонуу менен үйдөн добуш берүү мүмкүнчүлүгү (үйдө добуш берүү) COVID-19 менен ооруган шайлоочуларга берилген, бирок жеңил түрүндө өтүп, үй шартында дарылангандарга гана. Жашыруун добуш берүүнү камсыз кылуу жана санитардык ченемдерди сактоо боюнча олуттуу көйгөйлөр сакталууда. COVID-19 алдын алуу чаралары боюнча конкреттүү көрсөтмөлөр жетиштүү болгон эмес», — деди.

Чечим кабыл алуучулар Грузия, Кыргызстан жана Молдовада кийинки 2021-жылдагы шайлоонун алдында изилдөөдө айтылган кемчиликтерин жоюу боюнча саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул максатка жетүү үчүн Эл аралык коомчулук аймактагы бул көз карандысыз өлкөлөрдү колдошу керек.

Мындан тышкары, жарандык коом уюмдары шайлоочулар менен иштешүү жана дезинформация маселесине келгенде байкоочу катары ишин күчөтүшү керек.

ENEMO — бул Борбордук жана Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын 17 өлкөсүнөн, анын ичинде Европа Бирлигинин үч өлкөсүнөн келген 21 коммерциялык эмес жарандык коом уюмдарынын эл аралык тармагы, 2001-жылы расмий эмес эл аралык тармак катары негизделген.
ENEMO жарандык коомду шайлоо процесстерин өркүндөтүүгө катышууга, өкмөттөрдү ачык-айкын жана жарандардын алдында отчеттуулукка жеткирүүгө жана адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин урматтоого көмөктөшөт. Бул максатка жетүү үчүн, ENEMO өз алдынча же ага мүчө уюмдар менен кызматташат.
ENEMOнун негизги иши — шайлоого кесипкөй жана калыс эл аралык байкоо жүргүзүү. ENEMO шайлоо процесстерин жана саясий чөйрөнү баалоо үчүн шайлоого байкоо жүргүзүү эл аралык миссияларын жөнөтүү менен, өз аймагындагы демократиянын өнүгүшүн колдойт.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты