​Министрдин сөзүн Президенттин маалымат катчысы төгүндөдү

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейщеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде Президент Садыр Жапаров коронавирусту уу коргошун менен дарылоо ыкмасын Владимир Путинге айтып бергенин кабарлаган.


Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул кабарды төгүндөп, эки президенттин расмий сүйлөшүүлөрүндө уу коргошун тууралуу сөз болбогонун айтты.

Өткөн айда Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге берген маалымат жыйынында Садыр Жапаров уу коргошун менен дарылоо тууралуу өзү кенен маалымат берээрин айткан. Анда да ошол кездеги Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек министрдин сөзүн жокко чыгарган болчу.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты