​ЕБ лидерлери Лукашенконун режимине санкция салууну макулдашты

  • 3 года мурун

Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлери дүйшөмбү күнү кечинде Беларуска каршы санкциялар топтомун киргизүүнү макулдашты. Анын алкагында беларус авиациясына ЕБга мүчө 27 мамлекеттин аба мейкиндигин колдонууга тыюу салынды.


Евробиримдик Кеңеши альянстагы бардык авиакомпанияларды Беларус аймагында учууларды уюштуруудан оолак болууга чакырды.

23-майда ирландиялык «Ryanair» авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учагы “бомба бар” деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда Минскинин аба майданына кондурулган. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн арасындагы оппозициялык журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган. Мындан соң Европа лидерлери Лукашенко режимине санкция салуу чечимин бир добуштан колдошту.

ЕБ Кеңешинин билдирүүсүндө Роман Протасевич менен София Сапегини тезинен бошотуу талабы камтылган. Документте алардын ээн-эркин жүрүүсү камсыздалышы керек экени белгиленген.

Ошол эле маалда Брюссель Эл аралык жарандык авиация уюмун (ICAO) бул окуяны токтоосуз иликтөөгө чакырууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты