​Беш редакция санариптик коопсуздук боюнча окуудан өттү

  • 3 года мурун

Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгү “Медиа-К” долбоорунун негизинде беш көз карандысыз ЖМКнын кызматкерлерине киберкоопсуздук боюнча колдоо көрсөттү. Бул долбоор Интерньюстун өнөктөштөрү — Digital Apex, Интернет саясатынын жарандык демилгеси жана Кыргызстандагы USAIDдин каржылоосу менен ишке ашырылды.


2020-жылдын май айында USAIDдин Digital Apex программасы аркылуу “Factcheck.kg”, “T-Медиа”, “ПолитКлиника”, “Economist.kg” жана “GOVORI.TV” редакцияларынын кызматкерлери киберкоопсуздук жана санариптик коопсуздук жөнүндө билим ала баштаган. Бул программа өз максаттарына сегиз ай ичинде жетти. Ошол эле учурда, шайлоо процесстерине байкоо жүргүзгөн “Общее дело” уюму менен да өзүнчө окутуу процесси жүргүзүлгөн.

Digital Apex программасы редакциялардын ишмердүүлүгүн үзгүлтүкө учураткан киберчабуулдардан коргоого жана санариптик коопсуздугун күчтөндүрүүгө багытталган. Программанын негизинде катышуучулар киберкоопсуздук бооюнча тренингдерге катышып, кибергигиена жана санариптик этиканы үйрөнүштү.

“Factcheck.kg” редакциясынын редактору Асель Сооронбаева программанын жардамы журналисттерге чоң жардам көрсөткөнүн билдирди:

​Беш редакция санариптик коопсуздук боюнча окуудан өттү



“Бир да уюм киберчабуулдан жана дезинформациядан сактана албайт. Киберчабуулдар учурда глобалдык чоң коркунучка айланды. USAIDдин долбоору бизге кибергигиенаны сактоого жана санариптик инфраструктураны тургузууга жардам көрсөтүп жатат”, — деди Асель Сооронбаева.

Мындан сырткары, USAID Digital APEX программасынын негизинде редакцияларга лицензияланган программалар менен камсыздалган 30 компьютер жана ноутбуктарды тапшырды.

Техникалык каражаттарды тапшыруу учурунда Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Элина Каракулова киберкоопсуздуктун маанилүүлүгүн белгиледи:

​Беш редакция санариптик коопсуздук боюнча окуудан өттү

“Ар бир редакциядагы санариптик коопсуздуктун деңгээли редакциянын ар бир өкүлүнөн — жөнөкөй журналисттен баштап башкы редакторго чейин көз каранды. Ошондуктан биз, бул программанын алкагында, ЖМКнын ар бир кызматкеринде санариптик гигиенанын адаттарын иштелип чыгышына басым жасадык”, — деп билдирди Элина Каракулова.

Ошондой эле, “ПолитКлиника” интернет басылмасынын башкы редактору киберкоопсуздуктун редакция ичиндеги сакталышы тууралуу маалымат берди:

​Беш редакция санариптик коопсуздук боюнча окуудан өттү

Биздин редакция журналисттик иликтөөлөр, фактчекинг менен алектенгендиктен, биздин журналисттер чогулткан маалыматтарды сырттан келген кимдир-бирөө окубашы керек. Ошондуктан бул программанын биздин редакцияга колдоосу чоң болду, биздин журналисттерди көп нерсеге үйрөттү”, — деди Дилбар Алимова.

Интерньюстун “Медиа-К” программасы Интернет саясатынын жарандык демилгеси менен бирге өз ишмердүүлүгүн уланытп, анын негизинде дагы беш редакцияга санариптик коопсуздук тармагында колдоо көрсөтөөрү маалым болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты