​Экстремизмди, терроризмди жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча тренингдер өтүүдө

  • 3 года мурун

Юстиция министрлигинин астындагы Пробация департаменти Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн («Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу» (STRIVE Asia, ЕБ-БУУ Биргелешкен өнөктөштүгү) долбоорунун колдоосу менен аймактардагы пробация органдарынын кызматкерлерине жана экстремисттик кылмыштар жана үй-бүлөлүк зомбулук үчүн соттолгон пробация кардарларына «Пробациянын кардарлары арасында экстремизмди, терроризмди жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» темасында тренингдердин экинчи раундун өткөрүүдө.


Үч күндүк тренингке Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактык пробация органдарынын 20 кызматкери катышууда.

Иш-чаранын максаты — пробация органдарындагы кызматкерлердин экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы туруу, террористтик жана башка топторго аралаштырбоо жана натыйжалуу иштөө үчүн пробация кардарларынын социалдык-психологиялык портретин түзүү жана пробация институтунун ишиндеги башка маанилүү аспектилер боюнча билимин өркүндөтүү.

Ошондой эле диний экстремизм жана терроризм кылмыштары боюнча соттолгон пробация кардарлары менен да профилактика иш чаралары өттү. Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний агымдар, улуттук мыйзамдардагы диний касчылыкты козутуу боюнча жоопкерчилик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу кенен маалыматтар берилди.

Нарын районунан катышып жаткан башкы адис Карыбек кызы Рахат:


«Соттолуп чыккандарды кайра коомго аралаштыруу, үйбүлөсү жана бир туугандары менен карымкатнаштарын калыбына келтирүүдө жардам беребиз. Колунда жок, көпбалалуу бүлөлөргө гуманитардык жана материалдык жардам көрсөтүп, ишке орношуу, билим алуу, ал тургай окуу учурунда стипендия алуу жагынан да көмөктөшөбүз. Оңолуу жолуна түшкөнгө салым кошобуз» — деп билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, Пробация – бул, пробациянын кардарларына социалдык көмөк алууга, алардын түзөлүүсүнө, социалдашуусуна, кайрадан коомго кошулуусуна, укук бузууларды жасоосун алдын алууга багытталган тийиштүү шарттарды түзүп берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү комплекстүү чаралар.


2021-жылдын 17-майына карата Пробация департаментинин статистикалык маалыматына караганда, республикада экстремизм боюнча пробация органдарында 120 адам каттоодо турат.


Ысык-Көл жана Нарын областарынын аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Намазбеков Эрнист:


«Азыркы тапта Ысык-Көл жана Нарын областарынын аймак аралык башкармалыгында бардыгы болуп 743 адам катталган, алардын ичинен тогузу экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондор. Алар менен биздин кызматкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана дин өкүлдөрү менен чогуу үйлөрүнө чейин кыдырып, профилактикалык иш-чараларды өткөрөт. Социалдык укук жактан жардам беришет.Бул тренингге тажрыйбалуу кызматкерлер да, жаңы келгендер дагы катышууда. Алар дин жаатында билимин арттырып, экстремисттер деген ким, террористтер деген ким экенин үйрөнүп алып, иш жүзүндө туура иш алып барышат деп ойлойм», — деди.


Ушундай эле тренинг 2021-жылдын апрель айында БУУӨПтүн колдоосу менен Ош шаарында да өткөн.

Андан мурун Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарларында жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан 6 аймактык борборлорго техникалык колдоо көрсөтүлгөн.

Бул иш-чаралар ЕБ — БУУ биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги каржылаган БУУӨПтүн «Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу (STRIVE Asia)» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты