​«Кумтөр» улутташтырылышы мүмкүн экенин айтып, Канада менен Улуу Британия элчиликтери тынчсыздануусун билдиришти

  • 3 года мурун

Улуу Британия менен Канаданын элчиликтери келе жаткан жуманын башында, «Кумтөр» ишканасы улутташтырылышы мүмкүн экенин айтып, тынчсыздануусун билдирди.


«Кыргызстандын маанилүү инвестициялык өнөктөштөрү катары бизди тоо-кен тармагындагы акыркы өзгөрүүлөр тынчсыздандырат. Акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу окуянын өнүгүшүн жана 17-майда боло турган кыргыз парламентинин кезексиз жыйынын байкап жатабыз. Ал жыйында депутаттар «Кумтөр» ишканасын улутташтырышы мүмкүн», — деп жазылган элчиликтердин билдирүүсүндө.

Шашылыш бул чаралар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизээрин жана Кыргызстандын ансыз деле алсыз экономикалык абалына доо кетирээрин, келишимдин шарттары так сакталып, ортодогу келишпестиктер тез жана ынтымактуу чечилээрине үмүт артаарын да кошумчалашкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты