22-январь: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
- 3 недели мурун
22-23-январь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү, мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү тараткан.
Абанын температурасы төмөндөп, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.
Бүгүн, 22-январда, түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн.. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…2° жылуу болушу күтүлөт.
Сүрөт: Интернет булактарынан