22-март: Жаан-чачын күтүлбөйт
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 22-мартта, Кыргызстанда жаан-чачын жаашы күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +11…+16;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28° жылуу болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өлкөдө 24-26-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн билдирди. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Кыргызстанда 24-25-март күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан