​Өмүрбек Текебаев: «Тактикалык, стратегиялык планда биз уттурган жокпуз»

  • 3 года мурун

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун камалышы боюнча, чек арада орун алган акыркы кандуу окуялар боюнча үн катып, маселени кандай чечүү керектигин айтып берди.


“Жеңиш Молдокматовду камакка алуу, бул — саясий куугунтук”

Кечээ, 6-октябрдагы окуялар боюнча Жеңиш Молдокматовду “имаратты басып алууга аракет кылды” деп кылмыш жообуна тартып камакка алып отурат. Жеңиш акыркы кезде бүгүнкү бийликтин принципиалдуу туруктуу оппоненти болуп оппозициялык позицияны ээлеп келген. 6-апрелде “Жеңиш Молдокматов бийлик органдарынын имаратын басып алууга каракет кылды” деген жүйө эч кимди ынандырбайт. Бул күлкү келээрлик.

Ошондуктан, акыл-эси жайында элдин бары Молдокматовду өз позициясынын курмандыгы болду. Бул — саясий куугунтук деп кабыл алышты.

Жеңиш Молдокматовду камакка алуу, бул — саясий куугунтуктоонун бир көрүнүшү.

Биз, жогорудагы мен айтып өткөн он күндү жокко чыгарышыбыз керек. Ал күнү мен мыйзамдуураак болчумун деп эч ким айта албайт.

Бүгүн биздин алдыбызда эч татаал, кыйынчылыктар турат. Босогодо агрессор келди. Ушундай кыйынчылыктар болуп турганда бизде саясий бөлүнүп жарылбай ынтымак болуш керек. Саясий оппоненттерди куугунтуктабаш керек.

Биз отуз жылда жаңы коом түзө алдык. Кыргыз коому Орто Азияда эң эркин коом. Биздин жарандык активисттер коомдун күн тартибин аныктап, бийликке көзөмөл жүргүзүп турат. Бул биздин улуттук байлыгыбыз.

Бүгүн балансты эл, жарандык активисттер түзөт. Жеңиш Молдокматовга окшогон тайманбаган адамдар канчалык көп болсо, эл үчүн күйсө. Мисалы, Баткенде согуш чыкканда биринчи жарандык активисттер, биздин патриот кыздар-балдарыбыз аракет кылып, жардамын беришти. Жарандык коом агрессорга сес көргөздү.

Биз ошол байлыгыбызды жоготпостон, элди тизелетпестен тескерисинче, көтөрмөлөп турушубуз керек.

“Бул кол салуу алдын ала пландаштырылган”

Кыргызда “Жаман эл болбойт, жаман адам болот”, — деп айтып келет. Тажик эли биздин коңшубуз. Жүздөгөн жылдар боюу коңшу жашадык, мындан кийин да коңшу жашайбыз.

Келип чыккан агрессияны уюштурган алардын жетекчилери болду. Тажикстанда авторитардык үй-бүлөлүк бийлик. Кыргызстандагы демократия, бул — биз үчүн чоң жетишкендик гана эмес, бул биздин чоң куралыбыз.

Демократия covid вирусунан да авторитардык бийликке коркунучтуу. Кыргызстандагы эркин коом Тажикстандын калкынын бир бөлүгүнүн кызыкчылыгына ээ болушу керек. Алар, “Кыргызстандай болуп жашашыбыз керек” деп өзгөрүүгө аракет кылыш керек.

Биз, ошол демократиялык вирусту Кыргызстандын кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылышыбыз керек.

Чек араларда бизде конфликтер болуп келген. Тажикстандан бул жолу Кыргызстанга кол салышы, бул — бир күндүк эмес, бир нече күн мурда даярдалган аскер акциясы болду. Бул кол салуу алдын ала пландаштырылган. Тажикстан өз армиясын гана эмес, эски боивиктерин жыйнап аларга курал таратып берип, бизге каршы тукурган.

Башкаруу режимине, өлкөнүн башында турган адамдарга Эл аралык норма менен өзүбүздүн дообузду коебуз.

“Биздин аскерлерибиз Тажикстандыкына караганда күчтүү”

Аскер күчтөрүнүн рейтинги боюнча бүгүнкү күндө Тажикстан 138 өлкөнүн ичинде 99 орунда, Кыргызстан 93 орунда турат. Биздин аскерибиз Тажикстандыкына караганда күчтүү жана ар дайым күчтүү болуп келген.

Эгер биз геосаясий, геостратегиялык ордубузду ээлесек биздин күчүбүз Тажикстандыкына караганда кыйла үстөмдүк кылат. Эң негизгиси биздин солдаттардын күчү, духу биздин армияга чоң үстөмдүк берет.

Бул кагылышууда биз тараптан үч аскер, тажик тараптан 9 аскер курман болду. Эгерде биздин аскерлерге буйрук берилгенде анда, тажик армиясы мындан да көп жоготууга учурамак.

Тактикалык, стратегиялык планда биз уттурган жокпуз. Тескерисинче, Тажикстан маалыматтык планда чоң утулушка ээ болду.

Чек ара маселеси — бул абдан татаал маселе. Бул маселе абдан дыкаттык менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилиши керек. Эң негизгиси ушул участокту эле ойлобой Тажикстан менен болгон бардык 980 км жерди ойлош керек. Бүгүнкү жер кандай чечилсе, башка жерди да ушул принцип чечкенге туура келет. Мисалы, Ворухтан Тажикстанга жол ачып беребиз деп атышат. Ворухка жол ачып атканда кийинки ушуга окшогон жагдайларды да эске алыш керек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты