​Эгер Боршайком «Эмгекке» чара көрбөсө, «Ак Бата» мандаттарынан баш тартат

  • 3 года мурун

11- апрелдеги Бишкек шаардык кеңегине болгон шайлоодо 2-орунду камсыз кылган экс-мэр Нариман Түлеевдин «Ак-Бата» партиясы шаардык кеңештеги мандаттарынан баш тартаарын жар салды.


Анын айтымында олигархиялык топтордун, бизнес кландардын кызыкчылыгын коргогон «Эмгек» партиясы 11 – апрелдеги шайлоодо добуштарды массалык түрдө сатып алып, тарыхта болуп көрбөгөндөй ыплас күрөш жүргүзүшкөн. «Базаркомдор менен олигархтар бизнес-империяларын сактап калуу үчүн баардык нерсени жасоого даяр, анткени алардын жогото турган нерсеси бар», — дейт Нариман Түлеев.

«Мен Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну, кайрадан шайлоо жарыялоону жана ага «Эмгек» партиясын катыштырбоону талап кылам. «Ак Бата» партиясы кайра шайлоого катышууга даяр. Эгерде БШК бул жолу «Эмгек» партиясына карата эч кандай чара көрбөсө, анда «Ак Бата» партиясы шаардык кеңештеги мандаттарынан баш тартат», — дейт Нариман Түлеев.

«Ак Бата» өз каалоосу менен мандаттарынан баш тартса, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгабы деген суроого БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров:

«Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат бар. Мыйзамга ылайык, ал жакка кеминде үч партия келиши керек. Бүгүн бизде жети пайыздык тоскоолдукту жеңип чыккан төрт саясий бирикме бар. Мандаттар алардын ортосунда бөлүштүрүлөт”, — деп жооп берген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты