Көк — Таш айылынын тургундары мамлекет жетекчилеринин Баткенге келишин талап кылышты
- 3 года мурун
Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары 29 – апрель күнү өлкө жетекчилигине видео кайрылуу жасашты.
Алар Президент Садыр Жапаровдун, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин, премьер – министр Улукбек Мариповдун Баткенге келишин талап кылышты.
Алар «Силер бүгүн келип, маселени чечишиңер керек. Биздин жерибизди коргоп бергиле!», — дешкен.
УКМК тараткан маалымат боюнча УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна кетти.
Сүрөт: Интернеттен алынды
Муну бөлүшүү