Туруксуз аба ырайы күтүлөт
- 3 года мурун
27-30-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
29-30-мартта тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт.
28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда;
29-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде;
29-мартта күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
29-30-мартта абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5° жылуу, күндүз 1…6° жылуу;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 1…6° жылуу;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6° жылуу, күндүз 8…13° жылуу;
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19° суук, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.