Туруксуз аба-ырайы күтүлөт
- 3 года мурун
13-15-мартта Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт
14-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
14-16-мартта абанын температурасы төмөндөйт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…-5° суук;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу;
- 15-17-мартта Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.
Муну бөлүшүү