​Британия баштаган 10 өлкөдө коронавирустун дагы бир жаңы түрү аныкталды

  • 4 года мурун

Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы түрү B1525 дагы ондогон өлкөлөрдө, анын ичинде Дания, АКШ, Австралия, Нигерияда табылды.

Бул тууралуу The Guardian басылмасы Эдинбург университетинин иликтөөчүлөрүнө таянуу менен билдирди.

Иликтөөдө эң биринчи учур декабрда аныкталганы жана Британия менен Нигерияда пайда болгону белгиленет.

Окумуштуулардын айтымында, жаңы штамм былтыр декабрда Британияда пайда болгон B117 вирусуна окшош. Бирок антителага каршы алда канча туруктуу. Британияда вирустун жаңы түрүнө 32, Данияда 35, Нигерияда 12 киши кабылган. Бир нече учур АКШ, Франция, Гана, Австралия, Канада, Иордания жана Испанияда катталган.

Соңку беш аптадан бери COVID-19 вирусун жуктурган учурлар азаюууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Тедрос Гебрейесус билдирди.

Эгер жыл башында жума сайын 5 миллион киши вируска чалдыгып турса, азыр бул сан 2 миллионго чейин азайды.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери 109 миллион кишиге вирус жукту, 2,4 миллиону көз жумду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты