21-март: Өлкөдө күн ачык болот
- 4 недели мурун
Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, бүгүн, 21-мартта, Кыргызстанда күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +9…+14;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +26…+28° жылуу болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өлкөдө 24-26-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн билдирди. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Кыргызстанда 24-25-март күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан