​Пара опузалаган тергөөчү кармалды

  • 3 года мурун

Чүй облусунун Москва районундагы ички иштер бөлүмүнүн өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү Ж.Э.А. пара талап кылуу беренеси боюнча кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

7-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жана ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргекылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, пара талап кылуу беренеси боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Шектелген тергөөчү сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн жарандан акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган Ж.Э.А. кызматтык бөлмөсүн тинтүүнүн жыйынтыгында пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылып алынды.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты