​ «Жаңы Конституция долбоору сот эркиндигин биротоло чектейт”

Кыргызстан юристтер жамааты Конституциялык кеңешме тарабынан сунуш кылынган, Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы, Сот системасынын көйгөйлөрүн талкуулашты.

Аталган жыйынга Сания Токтогазиева, Таттуубүбү Эргешбаева, Клара Сооронкулова баштаган юристтер катышып, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери, сот системасынын көз карандысыз иш жүргүзө албаганын жана аны чечүүнүн жолдору тууралуу сөз кылышты.

“Жаңы Конституция дагы сот системасын көз карандысыз кыла албайт”

Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева Кыргызстандын тарыхында кабыл алынган Конституцияда сот системасы ар дайым Президенттен көз каранды болгондуктан, көптөгөн мыйзам бузуулар болуп келгенине токтолду:

-Эң алгач, 1993-жылы, Баш мыйзам кабыл алынганда эле тең салмактуулук принциби сакталбай, Президент менен парламенттин ортосунда чоң ажырымды пайда кылган. Анткени, Президенттин ыйгарым укуктары эбегейсиз болуп, парламенттики чектелип турганда Кыргызстандагы соттук система эч качан өз алдынча боло алган эмес. Эгерде биз таасирдүү соттордун болушун кааласак, бийликтеги кармап туруу жана тең салмактуулук механизмин камсыз кылышыбыз керек. Бул үчүн Президент сотторду дайындоого таасири аз болууга тийиш, -деп билдирди.

Ошондой эле Токтогазиева жаңы Конституция долбоорунда да Президент Жогорку сотту, Конституциялык сотту дайындоого укугу бар болгондуктан, бул Кыргызстанда көз карандысыз сот системасынын орнотууга чоң тоскоолдук экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин 27-январда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алышкан. Аталган долбоордо Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Конституция долбооруна ылайык, Президент аткаруу бийлигин жетектеп, министрлер кабинетин, Президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин дайындайт жана башкарат.

Ошондой эле башкы прокурорду, УКМКнын төрагасын, Жогорку сотту жана Конституциялык сот жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өз демилгеси менен референдум жарыялай алат деп көрсөтүлгөн.

Бирок, Конституциянын долбоору азыр коомчулукка жеткиликтүү боло элек.

“Президент институту мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоол болгон жамандыктын тамыры”

“Кыргызстан юристтер коомчулугунун координатору Таттуубүбү Эргешбаева, соттордун эрксиздиги жана Президенттин басымынан улам сот системасындагы маселелер курч бойдон калып жатканына токтолду:

-Биз жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Кыргызстанда 1993-жылдан 2020-жылга чейин бир күн да парламенттик башкаруу болбоптур. Башкача айтканда, өлкөбүздө дайыма Президенттик башкаруу болгон жана ал сотторго, Конституциялык палатага “мындай кыл же андай кыл же кылба” деп басым жасап келген. Мындан сырткары, биз соттордун эрки жок иштеп жатканын, 4-октябрь күнү бошотулган саясатчыларды актоочу чечимдерди Жогорку сот 1 күндө чыгарып койгондо жана катачылыктарга бай болгон Конституцияны 3 окуу менен 1 күндө кабыл алып койгондо көрдүк. Ал эми жаңы мыйзамда дагы, Президент бардык органдарды анын ичинде сотторду дагы дайындайт экен. Бул дагы деле, “борбордоштурууга” жана маселенин мындан дагы курчушуна алып келет, — деди Таттуубүбү Эргешбаева.

Ошондой эле юрист эгерде азыркы учурдагы башаламандыкты жана мыйзамсыздыкты чечпесе, төңкөрүш болуп кетүү коркунучу бар экенин эскертти.

“Азыр бийликке мыйзам эч кандай мааниге ээ болбогон адамдар келди”

Жыйындын жүрүшүндө 2021-жылы Президенттике талапкер болгон юрист Клара Сооронкуловага сөз берилип, ал сот системасындагы көйгөйлөргө токтолду:

-Тилекке каршы азыр бийликке мыйзам эч кандай мааниге ээ болбогон, өздөрүнүн башка кызыкчылыктары бар адамдар келип калды. Бизге азыркы убакка чейин жаңы Баш мыйзамдын долбоору көрсөтүлө да элек. Мындан сырткары мурда соттор атайын тандоодон жана комиссия тарабынан өткөрүлүп келсе, эми алардын бардыгы Президенттин ыйгарым укугуна кирип жатат. Бул кандай жыйынтыкка алып келээрин болжолдоо өтө деле кыйын эмес, —” деп билдирди.

Ошондой эле Сооронкулова, эгерде Конституциялык сот мурдагы президенттер Акаев, Бакиевдин учурунда адилеттүү иштей алганда, тарых таптакыр башка нукка бурулуу мүмкүнчүлүгү болмок экенин белгилеп өттү.

Кыргызстан Юристтер коому уюштуруп жаткан жыйында укук коргоочулар, активисттер жана журналисттер да ой бөлүштү. Семетей Аманбеков Баш мыйзам долбоору өзгөртүүлөрдөн кийин баарыбызга маселе жаратаарын белгиледи:

“Жаңы Конституция кеч жарыла турган бомба сыяктуу…”

Жаңы Конституциянын 22-беренесинде, бийлик тарабынан кабыл алынып жаткан мыйзамдар, коомдук талкууга коюлбай туруп дароо кабыл алынаары тууралуу жазылган. Бул жаңы мыйзамдын бөлүгү кеч жарыла турган “мина” же “бомба” сыяктуу. Анткени бул бийлик каалаган мыйзамын кабыл алып, аны официалдуу сайтка чыгарып кое алат дегенди билдирет. Биз бүгүн бир гана Конституцияны кабыл алуудагы мыйзам бузуулар эмес, ал мыйзамдын келечектеги иштешин да карап көрүшүбүз керек. Себеби бул мыйзам баары бир сөз эркиндигинин чектелишине, экономикага, сот системасынын көз карандысыздыгына жана башка бардык тармактарга таасирин тийгизет, — деди Семетей Аманбеков.

Жыйындын соңунда, Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева Садыр Жапаровдун 28-январь күнү инагурация учурунда “Кыргызстанда мыйзамдын диктатурасы орнойт” деген сөзүнө токтолду. Анын айтымында укуктук мамлекет негизинен 4 универсалдуу принциптерден куралат.

Алар:

  1. Жоопкерчилик (Мыйзам алдында жөнөкөй жарандар, аткаминерлер бардыгы бирдей жоопкерчиликке ээ болот)
  1. Адилеттүү мыйзам (ал ачык, туруктуу болушу керек)
  1. Ачык-айкын башкаруу (Мыйзамды кабыл алуу жана ишке ашыруу процессинде, бардыгы ачык айкын иштеши керек)

4.Калыс жана адилеттүү сот системасы.

Токтагазиеванын айтымында, бул принциптер 4-октябрдан бери бир эмес, бир нече жолу бузулган. Ага мисал катары юрист 22-октябрда 6-чакырылыштын депутаттары өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартып жана шайлоо процесстерин токтотуп салышканын, 10-январда өткөрүлгөн шайлоонун бир канча мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтты.

Ошондой эле Сания Токтогазиева Садыр Жапаровдун сөзүнө эмес, кылган ишине көңүл бурууга жана Жапаровдун “Мыйзамдын диктатурасын” орното алаары ачык суроо бойдон калып жатканын кошумчалады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты