​1-январдан тартып кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

  • 3 года мурун

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 2021-жылдын 1-январынан баштап убактылуу жабылат.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, Жаңы жыл майрамына карата эки посттун ишин убактылуу токтото туруу боюнча Кытай тарап демилге көтөрдү.

«Торугарт» бекетинен автоунааларды өткөрүү 4-январда, «Эркечтамда» 2-январда жандандырылат. Мамлекеттик чек ара кызматы бул посттор Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу үчүн гана иштеп жатканын кошумчалады.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жабылып турат.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты