Айрым талапкерлер бирикти

Президентикке талапкерлер Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров 29-декабрда биригишкенин жана бул тууралуу меморандум кабыл алышканын 29-декабрда жарыялады.

Алар меморандум кабыл алганын, документке башка талапкерлер да кол коё аларын билдирди. Анын максаты мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо болгонун кошумчалашты.

Каныбек Иманалиев бир талапкер он мыйзамды бузганын билдирди:

—Конституциянын 16-беренесинде Кыргыз Республикасынын территориясында баары мыйзам жана сот алдында бирдей деп жазылган. Иш жүзүндө ошондой болуп жатабы? Андай эмес. Биздин бир талапкер эки айдын ичинде Конституциянын эки беренесин, кылмыш кодексинин эки беренесин, Президенттик шайлоо жөнүндөгү шайлоо Конституциялык мыйзамынын эки беренесин жана кызыкчылыктар конфликти мыйзамынын төрт беренесин бузду. Болочок Президент бул Конституциянын кепилдиги болуш керек. Болочок Президент бул мыйзамдын коргоочусу болуш керек. Садыр Жапаров эки айдын ичинде мыйзам бузуу боюнча Кыргызстандын “чемпиону” болду, — деди Иманалиев.

Канат Исаев мамлекеттин келечегине коркунуч жаралып жаткандыгын билдирди.

-Мамлекеттин келчечегине коркунуч жаралып жаткан учур келди. Бардыгыбыз «элибизге үлгү көрсөтүп, сүйлөшсө болот экен, бардыгыбыз ынтымаккка келсек болот экен деп биригип», пресс-конференция уштуруп жатабыз. Чынында эле Президенттин милдетин аткарган адам шайлоого катыша албайт, мыйзам жол бербейт. Ошол себептен мен Президенттин милдетин аткаруудан баш тарткам, анда мен деле эки ай отуруп, Президенттин милдетин аткарып, партиялаштарымды жооптуу кызматтарга коюп алып, 14үндө арыз жазып чыгып кетип калбайт белем.

2005, 2010, 2020-жылдардагы болгон элдин нааразылыгы эмнеден бп чыкты? 2005-жылы “Алга, Кыргызстан” үстөмдүк кылып, бардыгы эле бир партиянын, Президенттин тарапташтары бардык бийлик бутактарына отургандыктан, эл көтөрүлгөн. 2010-жылы “Ак жол” партиясына каршылык көрсөтүп, эл көтөрүлгөн. 2020-жылдагыны да карасак, ал жактан да эки партиянын адамдары бардык жерде отургандарына, мыйзам одоно бузулганына, шайлоонун жыйынтыктарына эл нааразы болду.

Бүгүн системалуу өзгөрүү болдубу? Эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөргөн жок. Болгону партиянын аты өзгөрдү, негизги талапкерлердин партияларынын биринин тарапкерлери негизги орундарды ээледи. Партияларды жактоочуларынан бери, баягы эле кудалар отурду. Таластан көрдүңөр, элди тынчытыш үчүн кудаларды кызматка койдум деп. Атайын кызыгып көрдүм, кудаларын кайсы күнү койгон экен деп, 21-октябрда кызматка дайындаптыр. 21-октябрда толук кандуу бийликти колуна алган, митингдин баары токтогон,- деди Исаев.

Меморандумда айрым саясатчылар криминалдын жардамы менен бийликти абсолюттук монополияга алгысы келип жатканы, адамдардын жана алардын мүлкүнүн коопсуздугу маселе жаратып жатканы белгиленди. Мыйзамсыздык Кыргызстанды башкарууда башаламандыкка алып келгени, үгүт өнөктүгү административдик ресурсту болуп көрбөгөндөй колдонуу, шайлоочуларды алдоо жана коркутуу менен коштолуп жатканы жазылды.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты