​Кээ бир мектептерде санитардык нормалар толук сакталган жок

9-декабрь күнү, Kaktus.media маалымат агенттиги Канттагы №-4 мектеп окуучуларынын ата-энелери, балдарынын сабакта узак убакыт бою беткап менен отурганына тынчсызданып жатышат деп жазып чыккан.

Бул окуяга байланыштуу, ПолитКлиника медиасы, коронавирус пандемиясы учурунда мектептерге коюлган санитардык-эпидемиялогиялык талаптарды жана алардын аткарылышын анализдеп көрдү.

Мектептер салттуу формада окуй баштады

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 7-декабрга карата өлкө аймагында 1843 мектеп салттуу форматтагы билим берүүгө өткөн. Ошондой эле, өлкөдө реалдуу режимде 289 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеп жатат. Мектептердин ишин жандандырууда локалдуу мамиле жасалып, ар бир шаар, айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынган.

Мектептерди салттуу режимге өткөрүүдө, Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте, санитардык эрежелерди сактоого мүмкүндүк берген алгоритмди иштеп чыгышкан. Ага ылайык:

1. Мектептердин кире беришине фильтрлерди жана дезинфекциялоочу каражаттарды орнотуу;

2. Окуучулардын топтолуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн, кошумча кирүү жана чыгуу эшиктерин колдонууну камсыз кылуу;

3. Мектепке мугалимдер жамаатынан жана окуучулардан тышкары башка адамдарды киргизүүнү чектөө;

4. Окуучуларды аралыкты сактоо менен (1,5-2 метр) шахмат түрүндө отургузуу. Эгерде класста 25-30 окуучу болсо, анда шахмат түрүндө отургузуу үчүн, эки класска бөлүү талаптары коюлган.

Мындан сырткары, Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена дарыгери Мария Кушубакова 19-августта өткөн брифингде жаңы окуу жылында балдар маска кийип жүрүүгө милдеттүү болоорун айткан.

Мектептерде аталган санитардык нормаларды сактоого мүмкүнбү?

2020-жылдын башында, “Steps to Success” коомдук бирикмеси “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен «Кыргызстандагы мектеп гигиенасы» аттуу долбоорунун алкагында, бүткүл республика боюнча изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөгө 2000ден ашуун мектеп катышып анын жыйынтыгында, мектептердин 50 пайыздан ашыгында балдардын кол жууганга мүмкүнчүлүгү жок болуп чыккан. Ал эми 740 мектеп даараткананын абалы эң начар деген баа алган.

ПолитКлиника медиасы, Кыргызстандагы мектептерге жана окуучулардын ата-энелерине байланышып, коронавирус пандемиясы учурунда санитардык-эпидемиологиялык нормалардын канчалык деңгээлде сакталып жатканын текшерип көрдү.

“Беткапты көргөзмөгө эле тагып жатабыз…”

Жалал-Абад облусундагы, Ш.Тойматов атындагы №7 мектебинин мугалимдеринин бири мектепте санитардык нормалар толугу менен сакталбай жатканын билдирди.

“Азыркы учурда пандемиядан улам, биздин мектепте 300дөн ашык окуучу окуп жатат. Негизинен беткап тагуу талабы коюлган, бирок кээ бирлери аны жөн эле кулагына илип коюшат. Бул көрүнүш бир гана окуучуларда эле эмес бизге да тиешелүү. Анткени, сабак өтүп жатканда, маскадан чыккан буу көз айнектерди буулантып, аябай эле ыңгайсыздык жаратып жатат. Ошентсе да, баарыбыз чөнтөгүбүздө же жаныбызда сөзсүз бирден маска алып жүрөбүз”,— деди.

Мындан сырткары, аталган мектептин мугалими мектепте социалдык дистанцияны сактоо мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

Бул сөздү, Ш. Тойматов атындагы №7 орто мектепте баласын окуткан Рахат (аты-жөнү өзгөртүлдү) тастыктады.

“Негизи, балама күн сайын маска тагуусун айтып келем. Бирок, “мектепте эч ким деле маска такпай жатат, мен жалгыз эле такмак белем?”,- деди. Бул маселе боюнча мектепке барсам, бир эле окуучулар эле эмес мугалимдер өздөрү деле беткап такпай жүрүшүптүр. Негизи пандемия учурунда эрежелер сакталса жакшы болмок”,— деп билдирди.

“Өхх, кысылып кеттим деген окуучулар бар, бирок баарыбир беткапты талап кылабыз”

Ат-Башы районундагы, Абийбулла Осмоналиев атындагы орто мектептин мугалими Чокоева Махабат беткап тагынууда кээ бир кыйынчылыктар болсо да, мектеп боюнча баары тагынып жатканын белгиледи.

Биздин мектепте санитардык нормалар толугу менен сакталып жатат. Мисалы, күн сайын эртең менен мугалимдер жана тазалык кызматкерлери келип, окуучулардын температурасын өлчөп анан киргизебиз. Мындан сырткары ар бир окуучуда антисептикалык каражаттар жана 3 беткап болуусу керек. Анткени, бир масканы эки саат гана тагынууга мүмкүн. Беткап менен сабак өтүү албетте кыйын, кээде окуучулар дагы “кысылып кеттим” деп айтышат. Бирок, биз бардык нормаларды сактоого чакырып жатабыз”,— деди.

Ошондой эле Махабат Чокоева, ар бир окуучу танаписке чыгып жатканда беткабын чечип таза абадан дем алганы жана ар эки саат сайын беткап алмаштырып турушканы үчүн, балдардын ден-соолугуна кооптонгон ата-энелер боло электигин да кошумчалап өттү.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, дени сак балдар медициналык эмес же кездемеден жасалган беткаптарды кийсе болоорун айтышкан. Бул, инфекциянын булагын көзөмөлдөөгө, башкача айтканда, вирусту жуктуруп алуудан коргой турганы белгиленген.

“Аралыкты сактоого мүмкүн эмес”

Ош облусундагы мектептердин биринде, аралыкты сактоо талабы толугу менен ишке ашпай жатканын айыл тургуну кабарлады. Аты жөнү жана мектептин аты жашыруун калышын каалаган жаран, көпчүлүк айыл мектептеринде аралыкты сактоо мүмкүн болбой жатканын билдирди.















“Быйыл кызым 1-класска барып баштады. Мектептерге коюлган талапка ылайык, күн сайын беткап тагып окууга барып жатат. Классында жыйырмадан ашык окуучу окугандыктан аралыкты сактоо мүмкүн эмес. Анткени бөлүп окутууга мугалимдердин да, мектептин да чамасы жетпесе керек”,- деди.

Белгилей кетсек, мектептерге коюлган санитардык талап боюнча, эгерде класста окуучулардын саны 25тен аша турган болсо, окуучуларды эки класска бөлүп сабак өтүлүүсү керек.

“Онлайн окуганга караганда, беткап менен окуу жеңилирээк”

Беткап тагуунун кыйынчылыктары тууралуу окуучуларга байланышып сурап көргөнүбүздө, Токтомуш Адыранов орто мектебинин 11-классынын окуучусу Мукан Нурланов буларга токтолду:

“Онлайн окуу учурунда, билим жагынан бир топ эле аксоолорго учурадык. Айрыкча бизге окшогон бүтүрүүчү класстарга бир топ эле кыйынчылыктар жаралды. Анткени, ЖРТ га даярдануу онлайн түрүндө жакшы жыйынтык бербейт экен. Мындан сырткары кээ бир үй-бүлөлөрдө 2-3 окуучу 1 телефон колдонуп жаткандыктан бул да бир топ маселе жаратты. Ал эми азыр беткап менен окуп жатабыз. Мурда көп такпаган үчүн, кичине ыңгайсыздык жаратып жатат. Бирок, онлайн окууга караганда, беткап менен окуу бир топ эле жакшы деп ойлойм”,- деди.




















Билим берүү министрлиги: “Санитардык нормалар сакталышы керек”

Билим берүү жана илим министрлигиненин пресс катчылыгы кабарлагандай, мектептерге аталган санитардык-эпидемиологиялык нормалар мектептин долбоордук кубаттуулугуна, окуучулардын иш жүзүндөгү санына жана башка жагдайларга жараша түзүлгөн. Мындан сырткары, буга чейин мектеп жетекчилери жергиликтүү бийлик органдары жана аймактык мамсанэпидкөзөмөл борбору менен макулдашуу жүргүзүшкөн. Эгерде, мектептер кабыл алынган санитардык-эпидемиологиялык нормаларга баш ийишпесе анда атайын комиссия түзүлүп, чаралар көрүлөт.

Эксперт: “Беткап тагынуу, коронавирус жуктуруп алганга караганда коопсузураак”

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Айбар Султангазиев мектеп окуучуларынын беткап тагынуусу коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу коркунучун азайтууга жардам берет деди:

“Беткапты узак убакыт тагынуунун зыяндары бар. Мисалы, мектеп окуучусу ордунан жылбай 5-6 саат бир маска менен отура берсе, өпкөсү жакшы иштебей, дем алуусу кыйындашы мүмкүн. Бирок, эгерде мектепте ар 2 саат сайын беткапты алмаштырып, танаписте таза абадан дем алып турса анын зыяны өтө чоң болбойт. Негизинен, ата-энелер балдарынын ден соолугун ойлосо биринчиден өздөрү санитардык-эпидемиологиялык нормаларга баш ийүүсү керек болот”, — деди Айбар Султангазиев.

Ошондой эле, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева ар бир жаран өз ден соолугуна жооптуу экенин белгилеген:

“Мектеп, бала-бакчаларды ачканда вирустун жугуу көрсөткүчү бир канча факторго көз каранды болот. Балдардын маска тагуусу, санитардык нормаларды сактоосу, класстарда отуруусунан вирусту жугузуу же жугузуп алуу көрсөткүчү көз каранды болот. Эгер жогоруда айтылган факторлор сакталса, вирустун көрсөткүчү минималдуу болот” — деп билдирген.

Эске сала кетсек, беткап тагуунун эффективдүүлүгү боюнча бир катар изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Мисалы, Health Affairs журналы Американын 15 штатында изилдөө жүргүзгөн. Натыйжада, Америкада беткап тагынуу милдеттүү болгон 5 күндүн ичинде, коронавирус инфекциясынын жогорулоо темпи 0,9%га андан соң 2%га чейин төмөндөгөн. Бир башка изилдөөдө, эгерде калктын 80%ы беткап тагына турган болсо, эң катаал карантиндик чараларга караганда эффективдүүрөөк экени далилденген.

ПолитКлиника

Башкы сүрөт: Kloop.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты