Референдум жөнүндөгү мыйзамды мыйзамсыз кабыл алышты. Санап беребиз
- 4 года мурун
- Баяндар
10-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алышты.
Эмне болгон мыйзам?
3-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров авторлук кылган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорун карашкан. Бирок кворум чогулбай, мыйзам тиешелүү добуш топтой алган эмес.
Мыйзамда КРнын Констиуциясынын 74-беренесине (Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары тууралуу берене) жана КРнын референдум жөнүндө конституциялык мыйзамдын 12-беренесине (референдумду дайындоонун тартиби тууралуу берене) өзгөртүүлөр кирип жатат. Ошондой эле, “Сиз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун кайсы формасын колдойсуз?» деген суроо коюлуп, президенттик жана парламенттик деген эки вариант көрсөтүлгөн. Мыйзамдын автору Акылбек Жапаров бул боюнча: “Президенттик башкаруу болуп калса, мурунку кемчиликтерди жоюу керек. Бир колго эбегейсиз бийлик топтолуп калып, аягы трагедия менен бүтпөшү үчүн, Конституциялык кеңешмеде сот бийлигин таптакыр көз карандысыз кылуу пикири айтылууда. Тең салмактуу системаны киргизүү аракети жүрүп жатат. Ал эми эл парламенттик өлкөнү тандаса, аны да карайбыз”, — деди ал.
Регламент бузулган учурлар
Айрым депутаттар мыйзам кабыл алуудагы регламенттин бузулуп жатканын айтып чыгышкан. Себеби, регламент боюнча Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган мыйзам долбоору 1 айлык мөөнөттө коомдук талкууда илинип турушу керек. Ошондой эле, ал мыйзам тиешелүү комитеттин отурумунда каралып, корутундусу болушу керек. Ал эми демилгечи Акылбек Жапаров буга чейин мындай долбоорду ал кездеги депутат Курманкул Зулушев сунуштаганын айтып, бул ошол мыйзамдан айрмаланбаганын айткан. Зулушевдин мыйзамы 1-апрелде коомдук талкууга коюлган.
55-берененин 7-пунктунда мыйзам долбоору коштоочу документтер менен Жогорку Кеңеш тарабынан аны кароого чейин үч күн калгандан кечиктирбестен депутаттарга берилет. Депутат Жанар Акаев бул регламент бузулганын айтты. Себеби, депутаттар тиешелүү документтерди биринчи окууга коюлган күнү алышкан.
Маселени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карайт. Ал комитетке жалпы 16 депутат кирип Канат Керезбеков төрагалык кылат. Бирок тиешелүү комитетте отурум болгон эмес. Ал эми документке кол койдуруу сурамжылоо аркылуу болгон. Жалпы 16 депутаттын тогузу бул мыйзамга макулдугун беришкен.
Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамда депутаттар жооптуу комитетте каралгандан кийин гана жалпы отурумда карай алышат.
“Жогорку Кеңештин мөөнөтү да, дөөлөтү да бүттү”
9-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алышкан.
Отурумда жалпы 64 депутат катышып, мыйзамга алты депутат каршылыгын билдиришкен. Алар: Өмүрбек Текебаев, Евгения Строкова, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков, Альфия Самигуллина.
Депутат Өмүрбек Текебаев 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында референдум дайындоо боюнча мыйзамды кескин сынга алды. Ал мындай көрүнүш Акаевдин, Бакиевдин тушунда да болбогонун, мыйзамды кабыл алуу бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын айтты. Мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн тиешелүү каражат керек экенин, Өкмөттүн финансылык булактарды көрсөткөн корутундусу жок экенин белгиледи. Текебаев: “Конституциялык мыйзамда референдум өткөрүү тартиби, анда көтөрүлчү маселелер так жазылган. Бирок, азыр көтөрүлүп жаткан маселе ал мыйзамда жок. Бул жаңы мыйзам долбоору, бирок коомдук талкууга коюлган жок”, — деди Текебаев.
Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорунун текстине дагы токтолду. Мыйзам “КРнын мамлекеттин түзүлүшүн (мамлекеттик башкаруу) аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу” деп аталат. Текебаевдин айтымында мамлекеттик түзүлүш — бул мамлекетттик территориалдык түзүлүшүн аныктайт. Ал унитардык, федерациялык жана конфедерациялык болуп бөлүнөт. “Биз федерация же конфедерация болгону жатабызбы? Президенттик же парламенттик деген башкаруу формасы жок. Парламенттик, президенттик деген мамлекеттин түрлөрү. Мамлекеттик башкаруу республика же монархия болот. Мына, ушундай мыйзамга добуш бердиңер. Мындай мыйзамды эч ким кабыл албайт”, — деп сөзүн жыйынтыктады.
Ал эми депутат Рыскелди Момбеков мыйзамдын автору ким экени белгилүү экенин айтып, Жогорку Кеңештин ишин сынга алды. Баш мыйзамды өзгөртүү менен элдин жашоосу өзгөрбөй тургандыгына токтолду: “Бул кандай мыйзам? Басым менен кабыл алынган мыйзам, моюнунан байлаган итке эле окшош. Биз бардык мыйзамды буздук. Какшып калган кадырыбызды, кайтыш кылып кабырга салып жатабыз. Банкрот болгон баркыбызды балталап жокко чаап жатабыз. Бул элдин талабы эмес да. Элге парламенттик, президенттик башкаруунун кереги жок. Баш мыйзам алмашканда элдин жашоосу алмашпайт. Бай-манаптардын эле жашоосу алмашат. Мына ушуга алып баратасыңар. Венециялык комиссия эмне “заказнойбу? Алар силердин мөөнөтүңөр да дөөлөтүңөр да жок дешти”, — деп айтты.
Депутат Наталья Никитенко элдердин конституциялык тандоо укугунун чектелип жатканын айтып, президенттик жана парламенттик башкаруунун айырмасы жөнүндө эч кандай маалымдоо иштери жүрбөй жатканына токтолду. “Элдин кандай өлкөдө жашай тургандыгы жөнүндө маселе болуп жатса, комитетте отурум болгон жок. Сурамжылоо аркылуу кол чогултушту. Мыйзам кабыл алуу регламенти сакталган жок. Кайсы бир адамдардын тапшырмасы болгонун, эптеп ал мыйзамды кабыл алуу керек экендигин дагы бир жолу көрдүк”, — деп, мындай чечимге тарых өзүнүн баасын берерин айтты.
Депутат Дастан Бекешев 2-декабрда чыккан Конституциялык палатанын Жогорку Кеңештин мөөнөтү боюнча чыгарган чечимине токтолду. «Чечимде ЖК мөөнөтүн узарткан учурда саясий чектерди кармаш керек. Керектүү болгон социалдык-экономикалык маселелер боюнча гана маселелерди карай алат. Референдумду мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш кылбаш керек”, — деди.
Демилгечилердин пикири
Мыйзамдын демилгечиси Акылбек Жапаров биринчи окууда мыйзамдын концепциясы каралып жатканына токтолду. Ал: “Референдум боюнча мыйзамга такап президенттик же парламенттик башкаруу системасын эл өзү тандап алсын деп жатабыз. Депутаттардын айткан сын-пикирлерди экинчи окууда карайбыз”, — деди. Ошондой эле Өкмөттүн корутундусу бар экенин белгилеп, мыйзамдуу жол менен бара жатышканын айтты. Ал эми өкмөт өкүлү Алмазбек Абытов Өкмөттүн референдумду уюштуруу тууралуу материалдык жана финансылык жактан камсыз кыларын, мыйзам долбоорунун концепциясын колдорун айтты. Анын айтымында тиешелүү токтом бүгүн берилет.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү Бакыт Төрөбаев мыйзамга макулдугун бергенин айтты. Ал отуз жылда бир жолу элге башкаруу формасын тандоо мүмкүнчүлүгүн бериш керек экенине токтолду. Төрөбаев: “Эл аныктасын. Балким, парламенттик башкарууну тандашат. Керек болсо Конституциялык кеңешме эки конституция жазсын”, — деди.
Маселени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков Комитет өткөн жумада чечим кабыл алганын жана өзү жыйынга катышпаганын айтты. “Кечээ мен мыйзамдын авторуна Мирлан Бакировдун көзүнчө бүгүн көтөрүлгөн маселелердин барын айттым. Мамлекеттик түзүлүш боюнча, эки альтернативдүү маселе коюлса, сөзсүз үчүнчү баарына каршы деген пункт бюллетенге кириши керек. Сунуштун баарын комитет карайт”, — деди ал.
Комитеттин мүчөсү Иса Өмүркулов мыйзамга “макул” деп добуш бергенин, комитетте отурум болбогонун айтты.
Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты
Аталган мыйзам долбоору 10-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда каралды.
Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков мыйзамды өзгөртүүгө эки сунуш түшкөнүн, ага ылайык, “барына каршы” деген пункт киргенин кошумчалады.
Мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда каралып көпчүлүктүн добушу менен кабыл алында. Жыйынга жалпы жалпы 64 депутат катышып, 60 “макул”, 4 депутат “каршы” добуш беришти.