Өткөн суткада 17 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды
- 4 года мурун
30-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 380 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 137;
Ош — 4 ;
Чүй облусу – 79;
Ош облусу — 18;
Талас облусу — 19;
Нарын облусу — 10;
Ысык-Көл облусу – 38;
Жалал-Абад облусу – 48;
Баткен облусу — 27.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 5 медкызматкер кызыл зонада жуктурган.
Ал эми бир суткада үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3910 учур катталды, алардын ичинен 3599 медкызматкер сакайды.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 72807 кишиге жетти.
Коронавирустан 360 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 64 149 кишиге жетти.
5 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1271 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди