2024-жылы кыргызстандыктардын реалдуу кирешеси 12,9% көбөйдү

  • 3 недели мурун

Улуттук статистика маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын калкынын реалдуу акчалай кирешелери 881,9 млрд сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 12,9% өсүш болду. Бул көрсөткүч керектөө бааларынын индекси эске алынган соң эсептелген.


Жалпысынан калктын номиналдык акчалай кирешелери 926,2 млрд сомго жетип, 18,6%га жогорулаган. Калк номиналдуу акчалай кирешенин 73,2% эмгек ишмердигинен тапкан. Калган 14,4% социалдык трансферттерден, 8,6% жеке көмөкчү чарбалардан жана 3,8% башка булактардан түшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты