2023-жылдын 1-8-январына чейин жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарыяланды
- 1 год мурун
2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин өлкөдө жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарыяланды.
Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
-2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 8-январына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленет жана которулат:
2023-жылдын 9-январындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
2023-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;
2023-жылдын 11-мартындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;
2023-жылдын 25-мартындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;
-2023-жылдын 18-мартынан 2023-жылдын 21-мартына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленди жана которулду:
2023-жылдын 29-апрелиндеги дем алыш күнү – 2023-жылдын 20-мартындагы иш күнүнө;
-2023-жылдын 5-майынан 2023-жылдын 9-майына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленди жана которулду:
2023-жылдын 13-майындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 8-майындагы иш күнүнө;
-2023-жылдын 4-ноябрынан 2023-жылдын 8-ноябрына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленди жана которулду:
2023-жылдын 11-ноябрындагы дем алыш күнү – 2023-жылдын 6-ноябрындагы иш күнүнө которулду.
Мындай чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.