2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуялары боюнча коомдук комиссия түзүлдү

  • 11 месяцев мурун

2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуялары боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Коомдук комиссиянын төрагасы, мурдагы вице-мэр Кубанычбек Исабеков комиссия буга чейин коомчулукка айтылбаган фактыларды алып чыгарын билдирди.

24-майда Апрель жана Июнь окуяларын иликтөө үчүн түзүлгөнүн билдирген коомдук комиссия Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. Анын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков “Азаттыкка” комментарийинде комиссия көз карандысыз иштей турганын билдирди.  Исабековдун айтымында, 13 жыл мурдагы кандуу эки окуяны иликтөөгө Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин айланасындагы акыркы талкуу себеп болду.

«Тарыхта ачылбай калган көп сырлар бар. Биз ошол чындыкты алып чыгалы деп атабыз. Мен да кайдыгер адам эмесмин. Укук коргоо органдарында иштеген туугандарым Апрель жана Июнь окуяларына катышкан. Чыркыраган чындыкты билбеген эл көп. Ошондуктан ар кандай бүдөмүк ойлор болуп атат. Бизди эч ким каржылаган жок. Мен бирөөнү күнөөлөп же актайын деген оюм жок. Жогорку Кеңеште Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир тобу менен чогуу иштегем” деди Кубанычбек Исабеков.

15-майда “Акыркы кабарлар- Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маеги жарыяланган. Беларустун Минск шаарында тартылды делген маекте Бакиев Кыргызстандагы саясий кырдаал жана Апрель революциясы боюнча пикирин билдирген.

Маекти УТРКнын кызматкери, Биринчи элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев алган.

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Эрулан Көкүлов Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден маек алганын сынга алган. Элвира Сурабалдиева аны УТРКдан кызматтан кетирүүнү талап кылган.

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганы, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевден маек алган УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиев кызматтан кеткени. айтылды.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Аскар Акаев 2021-жылы «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн эки жолу Кыргызстанга келип кеткен. Акаев УКМКга сурак берип, тергөө менен кызматташа турганын билдирген.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен.

Сүрөттө: 2010-жылдагы Ош окуясынын курмандыктарына арналган эстелик. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты