20-апрелдеги аба ырайы

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 20-апрелде,  түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда  түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 18…20° болот.

20-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°ка чейин, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш кабар таратты.

ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч жаратарын эскертет.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басам сөз кызматы. Beka Shambetov

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты